Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

Ташиев Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жетиштүү далилдер бар экенин айтты. Учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

«Кылмыш ишти дисциплинардык комиисияга тапшырдык. Эгер аталган комиссия аны кылмыш жоопкерчлигине тартууга макулдук берсе биз аны ээлеген жогорку кызматына карабай жоопкерчиликке тартабыз», — деди Ташиев.

Ал ошондой эле, Калиеванын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке ири өлчөмдө зыян келгенине токтолду. Аны менен катар эгер комиссия Калиеваны жоопко тартууга макулдук берсе УКМК аны дароо кармай турганын айтты. Эгерде бербесе анда эч нерсе кыла алышпай труганын билдирди.

Ошол эле учурда ал Калиева кайсы кылмыш иши үчүн жоопко тартыларын так айткан жок.

«Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кайсы факты боюнча жоопко тартыларын айта албайм. Бирок аны кармаганга жетиштүү далилдер бар», — деди ал.

Гүлбара Калиева 2018-жылы 22-сентябрда Жогорку соттун төрайымы болуп дайындалган. Соттун биринчи квалификациялык классына ээ. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси.

Гүлбара Калиева ким?

Гүлбара Калиева 1959-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунда туулган. 1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы болуп баштаган. Кийин Фрунзе шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы, төраганын орун басары болгон. Ал эми 1994-1999-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Андан сырткары Чүй облусунун Панфилов жана Сокулук райондорунун соту болгон.

2004-2005-жылдары Жогорку Соттун бөлүм башчысы, 2005-2006-жылдары БШКнын укук бөлүмүнүн башчысы, аталган мекеменин аппаратынын башчысы катары эмгектенген.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин вице-спикеринин жардамчысы болгон. Жогорку соттун төрайымы болуп дайындалганга чейин үч жыл Жогорку соттун судьясы болуп иштеген.