Жогорку сот УКМКнын Гүлбара Калиевага койгон айыбын четке какты

Жогорку соттун имараты

Жогорку сот УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Гүлбара Калиеванын дарегине айткан айыптоолору негизсиз экенин жана күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш иштеринин негизги принциптеринин бири экенин билдирди.

Жогорку соттон «Клоопко» маалымдагандай, мыйзам боюнча жасалган кылмыш үчүн күнөөсү далилденгенге чейин жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен аныкталганга чейин адам күнөөсүз деп эсептелет.

Андан сырткары мамлекетке зыян келди деп жаткан ишке Жогорку соттун жетекчилиги менен кызматкерлеринин тиешеси жок экенин белгиледи.

«“Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) ишке ашырууга байланыштуу — бул долбоор Европа биримдигинин Кыргызстанда укук үстөмдүгү долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткандыгын, тендерлерди жана подрядчиктерди тандоону эл аралык уюм өзү жүргүзөрүн белгилейбиз», — деп Жогорку соттон кабарлашты.

Ошондой эле, билдирүүдө акыркы күндөрү аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомдук талкууга алып чыгып, сот тутумунун өкүлдөрүн айыптап алардын беделине шек келтирип жатканы билдирүүдө айтылат.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ташиев Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жетиштүү далилдер бар экенине ишендирген.

Ал ошондой эле, учурда кылмыш иши дисциплинардык комиисия тапшырылганын, эгер аталган комиссия жоопкерчлигине тартууга макулдук берсе, Калиева ээлеген жогорку кызматына карабай жоопкерчиликке тартыларын айткан.

Гүлбара Калиева ким?

Гүлбара Калиева 2018-жылы 22-сентябрда Жогорку соттун төрайымы болуп дайындалган. Соттун биринчи квалификациялык классына ээ. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси.

Ал 1959-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунда туулган. 1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева

Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы болуп баштаган. Кийин Фрунзе шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы, төраганын орун басары болгон. Ал эми 1994-1999-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Андан сырткары Чүй облусунун Панфилов жана Сокулук райондорунун соту болгон.

2004-2005-жылдары Жогорку Соттун бөлүм башчысы, 2005-2006-жылдары БШКнын укук бөлүмүнүн башчысы, аталган мекеменин аппаратынын башчысы катары эмгектенген.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин вице-спикеринин жардамчысы болгон. Жогорку соттун төрайымы болуп дайындалганга чейин үч жыл Жогорку соттун судьясы болуп иштеген.