Жапаров бизнести ыксыз текшерүүлөрдөн коргоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлык өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртат деп пландалууда.

Бул жарлыкта президент укук коргоо органдарынан бизнести текшерүүгө мораторийди сактоону талап кылды. Ошондой эле, жарлык бизнестин иштешине тоскоолдук кылган укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартууга, зарыл болсо жумуштан кетирүүгө жана кылмыш жоопкерчилигине да тартууга мүмкүндүк берет.

Жарлык текшерүүлөр жүргүзүлгөндө мыйзамсыз аракеттерди аткарган укук коргоо органдарынын үстүнөн түшүп жаткан бизнесмендердин даттанууларына байланыштуу кабыл алынды.

Президенттин жарлыгында эмнелер айтылган?

Жарлыкка ылайык, ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын бардыгы «бардык чектөөлөрдү кынтыксыз сакташы керек».

Укук коргоо органдарына жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттордо чечүү мүмкүн болгон экономикалык кылмыштар боюнча кылмыш иштерди иликтөө жана козгоону токтото туруу сунушталды.

Ошондой эле, жарлыкта Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына сунуштар берилген:

  • Кыргызстандын жарандарынын жана чарбакер субъекттеринин банктык эсептерин текшерүүнү токтото туруу;
  • бардык текшерүүчү органдардын өздүк териштирүү/өздүк коопсуздук кызматтарынын ишин жандандыруу. Кызматтар өздөрүнүн коррупцияга аралашкан кызматкерлерин иштеринин бетин ачып, кызматтык кылмышка барган, мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн жана ишкерлерди калкалагандардын алдын алуу.

Мындан тышкары, өкмөткө жана Башкы прокуратурага жаза кодекси менен процессуалдык-жаза мыйзамына жеке ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кыймыл-аракеттеринен коргоо боюнча сунуш киргизип, төмөнкүлөрдү жокко чыгаруу аракетинде чара көрүүгө чакырган:

  • ишкердик субъекттердин уюштуруучуларын, жетекчилерин жана кызматкерлерин «Коррупция» беренеси боюнча жоопко тартуу;
  • чарбакер субъекттердин ортосунда пайда болуучу экономикалык талаштар боюнча жазыктык сотко чейинки өндүрүштү жана жазык жоопкерчилигине тартууну;
  • экономикалык кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө кайрылуулар жана арыздар боюнча ишкердик субъекттердин кызмат адамдарын мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын тиешелүү актылар жана эксперттик корутундулар менен ырастоосуз жазык жоопкерчилигине тартууну жана жазыктык сотко чейинки өндүрүштү;
  • ишкердик субъекттерин кылмыштардын экономикалык түрлөрүн жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууну.

Башкы прокуратура бул жарлыкты аткарып, ай сайын бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгына маалымат берип турууга тийиш.

Бизнеске кысым кылуу

Өлкөдө бийлик алмашары менен бизнеске карата жасалган кысым дароо күчөдү. Октябрь окуялары орун алгандан кийин дароо эле белгисиз кишилерден турган топтор бүткүл өлкө боюнча өнөр-жай ишканаларына жана эс алуу пансионаттарына чабуул жасашкан, Жерүй, Метал-Кен жана Терек-Сай кендеринде тоо-кен компанияларынын мүлктөрү өрттөлүп, талап-тонолгон.

Ал эми соңку бир нече ай ичинде укук коргоо органдары спорттук кийим-кечелер менен жабдууларды саткан Gergert Sport жана азык-түлүк саткан «Спекулянт» дүкөндөр тармагына карата сотко чейинки өндүрүштү башташты. «Спекулянттын» өкүлдөрү бул ишти «рейдерлик баскынчылык» деп сыпатташкан.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын февралында «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline оператору) мурдагы башкы директору Евгений Кражан коррупцияга шектелип кармалган. Ошондой эле, «Чайкана Нават» ресторандар тармагынын тең негиздөөчүсү Сергей Острецов мыйзамсыз банк ишмердүүлүгүнө жана салык төлөөдөн качууга шектелип кармалган.

1-мартта «Билайн» 2019-жылдын ноябрында башталган салыктан качуу иши боюнча мамлекетке 112 млн сом төлөп бергени белгилүү болду.

Ишкерлер бийликтен бизнестерин коргоп берүү үчүн жардам сурашкан. Ал эми бизнес-омбудсмендин институту жеке ишкерлерди экономикалык жана экономикалык эмес кылмыштар боюнча камакка алган учурларга күмөн санап жатканын белгилеген.

«Баш коргоо чарасынын мындай түрүн жигердүү колдонуу жана күрөө төлөө, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат, үй камагы сыяктуу альтернативдүү чараларга көз жумуу жергиликтүү бизнеске, эл аралык инвестициялык коомчулукка терс сигнал жөнөтөт. Бизнес акыйкатчынын пикиринде мындай ыкма дүйнө коомчулугу колдонгон практикага төп келбейт. Мындай иш аракеттер ишкердик имидж менен инвестициялык кызыкчылыкка олуттуу сокку урат», — деп белгилешти уюмдан 3-февралда.

Анда да бийлик бизнеске болгон кысымга тынчсызданып жатканын билдирип, ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөр менен күч түзүмдөрүнөн коргойбуз деп убада берген.

26-февралда өкмөт башчысы Улукбек Марипов бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолукканда өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн санын кыскартууга убада берген. Марипов өкмөт ишкердик тармагында мыйзамдарга олуттуу түрдө инвентаризация жүргүзөрүн жана бул тармакка байланыштуу мыйзамдарды мыктылай турганын билдирди.

Ал эми 4-мартта бизнес-акыйкатчы укук коргоо органдарынын бизнеске жана ишкерлерге карата кысымдарына тынчсызданып жатканын билдирген.

Ал ишкерлерге кеңеш берип, укугу, эркиндиги же мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда доо арыз берүү тартибин түшүндүрүп жатканын кабарлаган.