Видео: Дордой базарында өрт чыкты

Бишкек шаарынын Дордой базарындагы соода түйүндө өрт чыкты. Тилсиз жоо 6-мартта кечки саат 20:00 чамаларында болгон.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук жана Биринчи май райондук өрт өчүрүүчү кызматтарынын бөлүмдөрү тартылган.

«Мындан сырткары саат 21:25те ИИМден 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Жеринде кырдаалды көзөмөлдөө үчүн министрдин орун басары полковник Калыс Ахматов барды», — деп берилет ӨКМдин маалыматында.

Тилсиз жоо түнкү саат 12де чектөөгө алынды. Учурда өрттүн себептери такталууда.

Мындан бир ай мурун «Миң түркүн» соода борборунун ичинде жайгашкан «Fix Price» дүкөнүнөн өрт чыккан. ӨКМдин кызматкерлери өрттү бир сааттын ичинде толугу менен өчүрүшкөн, ал эми кырсыктан жабыркагандар катталган жок.