УКМК судья Осмоналиевдин баасы $950 миң хансарайын камактан чыгарды — Temirov Live

Temirov Live каналынын журналисттери Жогорку соттун судьясы Камиль Осмоналиевдин мүлкү тууралуу чакан иликтөөсүн жарыялады. Осмоналиев 2020-жылдын декабрь айында мыйзамсыз баюуга шектелип УКМК тарабынан кармалган, азыркы учурда шектүү УКМКнын тергөө абагында камакта.

Журналист Актилек Капаров «Соттун миллион долларлык үйү» иликтөөсүндө УКМК тергөө учурунда мурдагы судьянын ишинде катыштыгы болгон мүлктөрүнүн кеминде бирөөнү камактан чыгарганы тууралуу баяндап берди.

Кантип табышты?

Сатууга коюлган мүлк Осмоналиевге тиешелүү экени фактчекерлерге кокустан белгилүү болгон. УКМКнын басма сөз кызматы мыйзамсыз байыган судьянын карамагында болуп калышы ыктымал деген кыймылсыз мүлктүн сүрөттөрүн жарыялаган.

Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы

УКМКнын Осмоналиевдин кармалышы жана анын мүлкү тууралуу пресс-релизиндеги сүрөттөрдүн бири Temirov Liveдын журналисттерине тааныш учураган.

Редакция Матраимовдор* кланынын Бишкекке жакын вип-шаарчадагы кыймылсыз мүлкү тууралуу материал даярдап жатканда, журналисттер аны сатылып жатканы тууралуу жарыяга таянып, баасы дээрлик бир миллион долларды түзгөн хансарай менен салыштырышкан.

Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы

«Эсиңизде болсо Матраимовдордун хансарайын баасы миллион долларга жакын сумманы чапчыган үй менен салыштырган элек. Жарыяны жакшылап караган соң биз үйдүн интерьерине маани бердик, ошол эле бөлмөлөр ошондой эле жасалгасы менен. Анан биз бул Камил Осмоналиевдин үйү экенин түшүндүк», — дейт Капаров.

Үй Орто-Сай айылына жакын жайгашкан, «Сары-Өзөн» вип-шаарчасынан орун алган. Осмоналиева Алтын Кубановна аттуу жарандын наамына катталган — камакка алынган судья Осмоналиев менен кандай жакындыгы бар экени белгисиз. Бирок, Осмоналиевдин иши боюнча УКМК менчик ээлеринин кыймылсыз мүлктү колдонуу укугун чектегени белгилүү.

«[2020-жылдын] 15-декабрда УКМК судьянын кармалышы боюнча атайын маалымат тараткан. 16-декабрда кадастрдык жазуусу пайда болуп, УКМК хансарайды [кыймылсыз мүлктү колдонуу жана бирөөнүн карамагына өткөрүү үчүн коюлган] камакка алган. Бирок, 2021-жылдын 17-февралында, УКМК кыймылсыз мүлктү камактан чыгаргандан кийин, 18-февралда баасы $ 1 млн чапчыган элиталык кыймылсыз мүлктү сатыкка чыгаруу тууралуу бир нече жарыя пайда болду», — дейт Капаров.

Мыйзамсыз баюуга айыпталып кармалган Жогорку соттун судьясынын кылмыш ишинин материалдарына кирген мүлкү кандай жол менен сатыкка коюлганы белгисиз.

38 миң евролук конок бөлмө

Журналисттер бир катар ресурстарга жайгаштырылган хансарай сатылат деген жарыядагы сүрөттөрдү изилдеп, көрсөтүлгөн номерлердин бирине телефон чалышкан. Кыймылсыз мүлк агенттигинин өкүлү эмерек жана интерьер тууралуу кыскача баяндап берген — анын айтымында, хансарайдагы эмеректертер — бул «Италиядан буйрутма менен келген».

Фактчекерлердин талдоосу эмерек жөнөкөй эместигин, ал Arredo Classic фабрикасынын Tiziano коллекциясындагы эмеректер экенин көрсөткөн.

«Отурууга жана жатууга ылайыкталган диван 3 175 евро турат, жумшак эки отургучтун ар бири 2 400 евродон бааланат. Шахмат ойноочу чакан стол 1 300 евро. Дубал эмереги [сүрөттөгүдөй] үчүн 7 300 евро сурашса, жөнөкөй журнал столу 1 400 евро турат, айнек текче 4 700 евро деп бааланса, конок бөлмөсүндөгү бурчка коюла турчу отургуч 8 500 евро», — дейт Капаров.

Журналисттер сүрөттөгүгө окшош, бирок чаканыраак стол 2200 евро экенин табышты, ал эми ага жанаша коюла турган отургучтардын баасы 4700 еврону түзөт. Жалпы жонунан, журналисттер эки сүрөттөгү эмеректердин баасы 38 миң евро экенин эсептеп чыгышты — бул сумма болжол менен 4 млн сомду түзөт.

*Редакция иликтөөдө сөз болгон кыймылсыз мүлктүн сатылышы тууралуу жарыялардын бирин тапкан. Биздин материалыбыз жарыкка чыккан күндөн тарта элиталык хансарайдын баасы $950 миңден $930 миңге чейин түшкөн.

Судья Осмоналиевдин декларациясы

Анткен менен камакка алынган судьянын расмий кирешеси бул хансарайдын бир бөлмөсүн жасалгалоого дагы жетпейт.

«Белгиленген үч жыл ичинде — 2015, 2017 жана 2018-жылдары Камил Осмоналиев болгону 2 млн 400 миң сом киреше тапкан. Башкача айтканда, анын тапкан кирешеси конок бөлмөсүнө коюлган эмеректерге дагы жетпейт. Биз дагы ашканасын, эки уктоочу бөлмөсүн, машыгуу жайын жана башкаларын кошкон жокпуз. Осмоналиевдин жакындарынын үч жыл ичиндеги кирешеси 32 млн сом, ал эми жарнамадагы үй 950 миң доллар же 80 млн сом деп турат», — деп айтып берген журналист.

Камил Осмоналиев деген ким?

Камил Осмоналиев — 20 жылдык тажрыйбасы бар судья. Сот тармагында карьерасын Жалал-Абад облусунан баштаганы белгилүү: 2001-2009-жылдары Арбитраждык жана облустук соттун судьясы, кийин Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары болгон. 2009-2012-жылдары ал — Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү.

УКМК 2020-жылдын декабрь айынын ортолорунда Осмоналиев кармалып, камакка алынганын билдирген. Ал мыйзамсыз баюуга айыпталган.«Судья Осмоналиев кылмыштуу жол менен тапкан мүлкүн жашыруу максатында жарандык-укуктук келишимдерди каттаткан эмес, ал эми айрым учурларда керектүү сатып алуу-сатуу келишимдерин кандайдыр бир тастыкталган киреше булактары жок тааныш-билиштерине каттаткан», — деп билдирген УКМК.

Мындан тышкары, ведомствонун маалыматы боюнча, судья Осмоналиев бир коммерциялык уюмга 150 миң долларды биргелешкен бизнести жүргүзүү үчүн берген, бул каражат декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары судья Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, ага «мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы миллиондогон зыян келтирген» деген күнөө коюлууда.

УКМК Осмоналиев мындай чечимди улутташтырыла турган мүлктүн бир бөлүгүн алуу максатында чыгарган деп шек санап жатат.

*Матраимовдордун кланы — таасирлүү үй-бүлө, анын үй-бүлө мүчөлөрү парламентте, министрликтерде, райадминистрацияларынын башчылары болуп иштеген же иштешет, мындан тышкары, аткезчилердин кланы делген Абдукадырдын үй-бүлөсү менен чогуу иштеткен бизнеси бар.

2019-жылдын ноябрь айында «Клооп», «Азаттык» жанан OCCRPнин көп жылдар бою Кытайдан Кыргызстан аркылуу товарлардын аткезчилиги жөнүндө биргелешкен иликтөөсү жарык көргөн — бажыда коррупция гүлдөп турганы үчүн аткезчиликти ишке ашыруу мүмкүн болгон.

Тергөө жүрүп жатканда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити журналисттерге маалымат бергендердин бири жана коррупция менен аткезчилик фактыларын далилдеген документтерди берген. Хабибула Абдукадыр жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөөнүн фигуранттары болушкан. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан $700 млн чыгарылып кеткенин далилдеп беришкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп, ал күнөөлүү деп табылган. Бирок сот аны 260 миң сом айыпка жыгып, андан соң эсептерин камактан алып коё берген. Сот Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болуп, мамлекетке 2 млрд сом зыянды төлөп бергендиктен ушундай чечим чыгарган. Ал 2 млрд сомдун 1,4 млрд сомун акчалай, калган 600 млн сомун мүлк менен өткөрүп берген.Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.