УКМК экс-бажычы Райымбек Матраимов кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 18-февралда мурдагы бажычы Раимбек Матраимов кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал атайын кызматта түштөн бери сурак берип жаткан.

«Матраимов УКМК кылмыштуу кирешелерин адалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт», — деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Баткен облусуна чек ара маселесине байланыштуу учуп келген болчу — Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалган. Жергиликтүү тургундар менен жолукканда атайын кызматтын башчысы Матраимовго чыккан өкүм боюнча да комментарий берген. Ташиев «Матраимов боюнча эртеңден баштап чара көрөм» деп айткан болчу.

«Матраимовдун соту боюнча, мен ошону алыс жакта жүргөндө уктум. Анын банк эсептерин, үй мүлктөрүн сот бошотуп жибериптир деген маалыматты уктум. Бүгүн кечинде барып, ошол маалыматтарды топтоп, документтерди бир сыйра карап чыгам. Матраимов боюнча мен эртеңден баштап чара көрөм го деген ойдомун»

Буга чейин 11-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул салып сот залынан бошоткон. Ошондой эле сот Матраимовдун кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган болчу.

Бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан.

Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген болчу.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана

Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.