Видео: Матраимовдорго караштуу Ала-Арчадагы хансарай

Factcheck.kg басылмасы 22-февралда «Матраимовдун хансарайы» аталыштагы видео жарыялады. Аталган видеодо Кыргызстандагы эң таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон Бишкектин Ала-Арча вип-шаарчасында жайгашкан бир нече үйлөр тууралуу баяндалат.

Журналисттер үйдүн короосунда Париждеги Луврдун пирамидасынын жана Келишим аянтындагы фонтандын көчүрмөлөрүн байкашкан. Ошондой эле, спутник аркылуу тарылган сүрөттө үйлөрдүн бири сүрдүрүлүп, анын ордуна футбол аянтчасы салынып жатканын көрүүгө болот.

Мындан сырткары Factcheck.kg басылмасынын булактары хансарайдын ичинде тартылган сүрөттөрдү беришкен.

«Алтын жалатылган жасалгалоо, терезелердеги оймо-чийме витраждуу шиптар, илгерки жуунмалар, сүрөттөр жана дубалдардагы оймо-чиймелер. Кай жакты караба — падышага таандык оокат», — деп баяндады журналист Актилек Капаров.

Ала-Арча шаарчасы өтө престиждүү болуп саналат. Ал жерде коопсуз, өтө кымбат үйлөр салынган, жашоочулар жана алардын жакындары гана кирип-чыга ала турган конуш. Мисалы бул шаарчада экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун үйү да жайгашкан.

Иликтөөдөгү хансарай 2019-жылдын май айына чейин экс-бажычы Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимовго таандык болгон. Тасмадагы үйлөр 5 тилкеге курулган жана анын аянты дээрлик 1 гектарды түзөт. Алгачкы жер тилке 2012-жылы декабрь айында алынган — анын өлчөмү 2 400 чарчы метрди түзгөн. Кийинчерээк 2016, 2017 жана 2019-жылдары калган жер тилкелер кошулган.

2019-жылдын 13-май айында Матраимов бул кыймылсыз мүлктү «Каганат Инвест» холдингдин негиздөөчүлөрүнүн бири Нурбек Осмоновго саткан. Арадан эки жума өткөндөн кийин «Азаттык» Матраимовдорго байланыштуу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аталыштагы иликтөө жарыялаган. Анда экс-бажычы Райымбек Матраимов негизги каарман болгон.

Ал эми Нурбек Осмоновдун бир тууганы Айбек Осмонов «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларын негиздеген. Бирок ал жыйынтыгы кийинчерээк жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышкан эмес.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болуп калганы айтылган. Анткени бул партиянын тизмесинде Искендер Матраимов жана анын тарапташтары болушкан. Ал эми «Ыйман Нурунун» теңтөрагасы Чыңгыз Макешов буга чейин Осмоновдорго Райымбек Матраимов тарабынан басым болгонун билдирген.

Factcheck.kg аталган хансарай 2020-жылдын 27-ноябрында Матраимовдордун «эски досу» Нурлан Акматовго өткөнүн аныктады. Акматов Европа өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү. Буга чейин соцтармактарда Акматовдун Райымбек Матраимов менен түшкөн сүрөтү тараган.

Нурлан Акматов жана Райымбек Матраимов (ортодо)

Экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнө караштуу мүлктү «Клооп», «Азаттык», OCCRP жана Bellingcat иликтеп, анын негизинде интерактивдүү карта даярдаган. Андан Матраимовдорго тиешелүү башка дагы байлыктарын көрө аласыздар.