Жалал-Абад: Борбордук көчөнүн аталышы Ташиевдин агасынын атына өзгөртүлгөн жок

Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнүн аталышы Каныбек Ташиев деп өзгөртүү сунушун шаардык кеңештин депутаттары колдогон жок. Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Клоопко» билдиргендей, аталган көчөнү Каныбек Ташиевдин ысымына өзгөртүү сунушу Ташиевдин жакындарынан түшкөн.

Каныбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы. Ал 2020-жылдын июлунда көпкө созулган дарттан улам 57 жашында каза болгон. Ошондой эле, Каныбек Ташиев «Томас» май куюучу жайдын ээси болгон жана жеке ишкерлик менен алектенген.

«Бул маселе 10-мартта шаардык кеңештин сессиясында каралды. Мэр Пушкин көчөсүнүн аталышы өзгөртүүсүз калтыруу сунушун берди эле, депутаттар колдоп берди. Анткени шаардын борбордук көчөлөрү деп эсептелеген Пушкин жана Чехов көчөлөрү бул аталышты 86 жылдан бери алып жүрөт. Ошого эски аты менен эле калган оң деп айтты мэр», — деп билдирди Жээнбеков.

Буга чейин Бишкектин чет-жакасындагы мыйзамсыз курулган жаңы конуштардын бирине президент Садыр Жапаровдун атасынын аты ыйгарылгандыгы кабарланган. «Нуркожо-Ата» Свердлов районундагы «Ак-Бата» калктуу конушунда жайгашкан. Мурдагы расмий аталышы «Адилет» болчу.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, демөөчүлөрдүн акчасына курулган жаңы мечит дагы президенттин атасынын атын алат — «Нуркожо-Ата мечити». Андан тышкары, «Нуркожо-Ата» конушунун жашоочулары өз чөнтөгүнөн каражат топтоп фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ачууну максат кылышууда.

«Ак-Бата» конушунун кварталдык башкармалыгынын башчысы Жыпара Арстанбекованын айтымында, көрсөтүлгөн участоктордо уруксаат документтери жок болгондуктан жашоочулар менен жер саткандардын ортосунда дайыма жаңжал чыгып келерин белгилеген.