Адвокат Замир Жоошев: Шаардык сот Атамбаевди үй камагына чыгарган жок

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев фейсбук барагында Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарбай жатканын билдирди.

Жоошевдин айтымында, райондук судьялар менен апелляциялык инстанциялардын аракети «жогорудан, президенттик аппараттан буйрук күтүп жаткандай элес калтырат».

Адвокат кошумчалагандай, Атамбаевди үй камагына чыгарбай жатышканы менен башка айыптуулар «үй камагына чыккан, ал эми ооруп жаткандары жеке клиникаларда дарыланып жатат».

Жоошевдин айтымында, үй камагына чыгып кеткендер деле Атамбаевдикиндей эле беренелер менен айыпталган.

«Атамбаевди үй камагына чыгарбаганы аз келгенсип, ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат», — деп жыйынтыктады сөзүн Жоошев.

Атамбаевдин ишин кайра кароо

Жогорку сот 30-ноябрда Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмүн жокко чыгарган. Бул инстанцияларды аны «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупцияга күнөөлүү деп тапкан болчу.

Анда соттун чечими менен иш Биринчи май райсотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуудагы коррупцияга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөткөндөн бери Жоошев мурдагы президент камакта калтырылбашы керектигин, себеп дегенде ага эч кандай айып тагылбаганын айтып келет.

Атамбаев жана Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген.

Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза таап, жүзгө чукул адам жабыркаган. Ал эми бул ишке тиешеси бар делген башка аткаминерлер тергөө менен кызматташууга барып, айып төлөп кутулушкан.