Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иште 10 айыпталуучуга айып пул салынды

Бишкектин Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иштеги 10 айыпталуучуга өкүм чыгарып, 260 жана 300 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Кылмыш жана жарандык сот өндүрүш башкармалыгынын жетекчиси Кумарбек Токтакунов 24.kg басылмасына кабарлады.

Анын айтымында, буга чейин айыпталуучулар тергөө менен кызматташышкан.

«Лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөт аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу жөндөмдүүлүгү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, ССМдин кызматкери Канатбек Бектемиров, экс-судья Жапар Эрматов жана адвокат Али Касымов 260 миң сом штрафка жыгылды. ЖАМКтын медициналык-санитардык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Асанов, ЖАМКтын дарыгери Фархад Атахожаев, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 300 миң сом айып салынды», — деди Токтакунов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча жалпысынан 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген аткаминерлер жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бар. Алардын ичинен 14үнө карата иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн, анткени алар тергөө менен кызматташууга барышкан.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында камакта отурат, ага штурмдан кийин бир катар айыптар тагылган.

Июнь айынын аягында Бишкектин Биринчи май райсоту Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынган.

Жолдубаева 2013-жылы Азиз Батукаев эркиндикке чыкканда президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеп турган.

ЖАМК башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажырталган. Аны камакта кармоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ал сот залынан коё берилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Батукаевди колониядан «Манас» аэропортуна чейин узатып барган.

Врач гематолог Абдухалим Раимжанов да күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендиктен ага жаза чегерилген эмес.