УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-март күнү Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, Өзбекстанга Сох анклавына кирүү үчүн коридор берилбесин билдирди.
Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүндө бул маселе талкууланбаганын белгилеп, чагымга алдырбоого жана такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.
Ташиевдин айтымында, чек ара маселелерине тийиштүү расмий маалыматты УКМКнын курамындагы Чек ара кызматы гана бере алат.
«Сохко коридор берүү, Сохко кетип жаткан жолду башка мамлекетке өткөзүп берүү боюнча эч кандай сөз болгон эмес, андай болушу мүмкүн да эмес. Ошол Сохтогу өткөрүү пункттарын гана жөнөкөйлөштүрүп, элди кыйнабай өткөзүп, элге шарт түзүп берүү маселеси каралган жана ошол чечилет», — деди ал.
УКМКнын башчысы чек араны тактоо жана аныктоо, анын ичинде жерлерди алмашууда чек арага чектеш жашаган тургундар үйлөрүнөн ажырап кала турган болсо, аларга мамлекет башка жер берет деп да убада кылды. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда айрым жерлерди алмашууга туура келет.
«Азыркы күндө чек ара маселесин чече баштаган маалда ар түрдүү маселелер жаралышы мүмкүн. Мисалы, мамлекеттик чек ара бир айылдын ортосунан же четинен өтүп калышы мүмкүн. Ошол маалда бир айылдан 5-10 үй жабыркап калышы мүмкүн, 5-10 үйдү көчүрүшүбүз мүмкүн. 5-10 үйдү кандайдыр бир деңгээлде короолорун же үйлөрүн алмаштырышыбыз мүмкүн. Же ошол үйлөрдү бузуп, ошол жерлерге чек араны салышыбыз мүмкүн. Бирок мамлекет ошол жабыркаган айылдагы элге, үйү бузулуп калабы, үйүн башка жерге көчүрүш керек болуп калабы, короосун алыш керек болуп калабы, мамлекет анын баарын кайтарып берет», — деди Ташиев айылдыктарга.
Ал жергиликтүү аткаминерлерди чек арага жакын жашаган тургундардын, алардын туугандарынын жана жакындарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы эл үчүн иштеп жатканын айтып жеткирүүгө үндөдү.
Камчыбек Ташиев жерлерди алмашуу бирдей шартта жүргүзүлөрүн белгиледи.
«Канчалаган мамлекет башчысы кетти. Эгемендүүлүгүбүзгө мына быйыл 30 жыл болот экен. Аскар Акаевич кетти — чек ара чечилбеди, Курманбек Салиевич кетти — чек ара чечилбеди. Алмазбек Шаршенович кетти — чек ара чечилбеди. Сооронбай Шарипович кетти — чек ара чечилбеди. Мына эми азыр Садыр Нургожоевич келди, ушул маалда, чечебиз деп аракет кылып жаткан маалда силер дагы жардам берип чечип алышыбыз керек», — деп белгиледи ал.
Сох анклавына коридор
12-мартта Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары аяктаган. Бул анын президент катары үчүнчү жолку чет мамлекеттик сапары. Сапардын жыйынтыгында эки өлкө башчысы чек ара маселесин чечүүнү макулдашкан.
13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кыргыз тарап «Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына мамлекеттик чек ара аркылуу ээн-эркин өтүү үчүн транспорттук жана авиакаттамдарды ачууга даярдыгын» билдиргенин маалымдаган.
Байтерек чек арада кайрадан жети өткөрмө бекети иштеп башташы керектигин, жабдыктарды өзбек тарап камсыз кылууну убадалагаганын кошумчалаган. Басма сөз катчынын айтымында, анын ордуна Өзбекстан Үңкүр-Тоого укуктуулугунан баш тартмак. Кийинчерек президенттин сайтынан бул тууралуу айтылган пресс-релиз өчүрүлүп, өзгөртүү менен кайра жарыяланган.
Бул билдирүүгөн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы үн катып, Өзбекстан үчүн Сох анклавына коридор ачылат деген маалыматты төгүнгө чыгарган.
«2021-жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен, кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган. Өзбекстанга коридор берилет деген сөздөр туура эмес», — деп билдирген басма сөз кызмат.
Ошол эле учурда Өзбекстандын жарандары Сохтун аймагына «мурдагыдай эле тартип менен» өтө алат, Баткендин Кадамжай районундагы көзөмөл-өткөрмө бекети ачылат — ал пандемияга байланыштуу жабылган.
«Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары, мурдагыдай эле тартип менен, документтери текшерилип, катталуу менен өтөт. Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга Кайтпас өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин, Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, Өтүкчү көзөмөл өткөрүү жайынан, кайрадан текшерүү менен, Өзбекстандын Сох районуна киришет», — дейт өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү Өмүрбек Суваналиев.
Ал эми Сох анклавында авиакаттам ачуу тууралуу Суваналиев төмөнкүлөрдү айтты — «Сох районунун Өзбекстан менен байланыштыра турган чакан учактар учат».
Үңкүр-Тоо
Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда такталбаган чек ара аймактарынан улам чыккан жаңжалдар Советтер союзу тарагандан бери эле токтобой келет. Совет мезгилинде эки мамлекеттин ортосундагы административдик чек ара аймактын рельефин эске албастан чийилип калган.
Учурда Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы бар — Сох, Шахимардан, Чоң-Гара жана Таш-Дөбө. Ал эми Өзбекстанда бир кыргыз анклавы бар — Барак анклавы. Ал жерде маал-маалы менен жаңжалдар чыгып турат.
Мындан тышкары, жаңжалдар мамлекеттик чек аранын такталбаган жерлеринен улам да чыгат. Акыркы жолу жаңжал Үңкүр-Тоо жана талаштуу Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына байланыштуу 2016-жылдын августунда болгон.
Анда 20 чакты өзбек милиционери Кыргызстандын телемунарасы жайгашкан Үңкүр-Тоого келип жайгашып алган. Телемунаранын кызматкерлерин — кыргыз жарандарын — өзбек милиционерлери кармап алып, 16 күн бою Өзбекстандын Янгикурган милиция бөлүмүндө чыгарбай кармашкан.
Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынан кыргыз тараптын кайгуулун алууну талап кылган.
Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз инженерлери коё берилген. Андан соң өзбек милиционерлери такталбаган тараптан дароо чыгып кетишкен. Ал учурда эки өлкө тең Үңкүр-Тоо да, суу сактагыч та алардыкы экенин айтып туруп алган.