БШК 11-апрелде өтө турчу шаардык кеңештерге шайлоого катыша турган партиялар жана талапкерлер тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 28 шаардык кеңештеги 796 орун үчүн 56 саясий партиядан 11 782 талапкер ат салышат.
Кайсы партиялар жарыштан чыкты?
Шайлоого алгач 59 саясий партия катышуу ниетин билдирген, бирок Аймактык шайлоо комиссиялары 56 партиянын гана документтерин кабыл алып, каттаган.
«Ош аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү документтерди тапшырбагандыктан “Тилектештик” партиясын каттоодон баш тартты. Бишкекте 2 саясий партия — “Элдик” жана “Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана (Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы)” шайлоого катышуудан баш тартты», — деп БШК билдиришти.
Ошентип, шайлоого Бишкекте 25, Ошто 9 партия катышат.
Мындан тышкары, Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттодон баш тартты — бул партия талапкерлерди көрсөтүү тартибин бузган.
Ошол эле учурда, «Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Ыйман-Нуру» жана «Ынтымак» партиялары эң көп шаарларга талапкерлерин көрсөтүп алдыга чыккан. Талапкерлер жана үгүт иштери боюнча камтыган шаарлардын саны боюнча, мурдагыдай эле «Ата-Журт Кыргызстан» алдыга эч кимди чыгарган жок.
Эң чоң атаандаштык Бишкек, Каракол жана Балыкчынын шаардык кеңештерине болот. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат болсо, бир мандатка 40 киши ат салышат. Каракол менен Балыкчынын шаардык кеңештеринин ар биринде 31ден орун каралган, ар бир мандат үчүн Караколдо 27 талапкер, Балыкчыда 22 талапкер атаандашат.
Саясатка кимдер барат?
БШКнын маалыматы боюнча, шаардык кеңештерге 11 782 киши талапкерлигин көрсөттү. Алардын ичинен 63% (7300) — эркектер, 37% — аялдар (4 482).
Ар бир шаардык кеңеште депутаттыкка талапкер аялдар — 30%дан 43,42%га чейин, бул гендердик квотага ылайык келет. Эң көп талапкер айымдар беш шаарда катталган: Шопоков, Кант, Талас, Каракол жана Ноокат.
*Мыйзамга ылайык, парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо орундардын 30%ы аялдар үчүн сакталышы керек. Ошондой эле, партиялардын талапкерлеринин 30%дан кем эмес бөлүгү аялдар болушу зарыл. Бирок, иш жүзүндө квоталар жөнүндө мыйзам ар дайым бузулуп келет — мисалы, азыр парламенттеги депутаттардын 17% гана аялдар, ал эми жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны өтө эле аз.
Гендердик квотаны шарттуу түрдө гана аткарган шаарлар дагы бар — аялдардын саны 30%дан бир аз гана ашат. Бул Өзгөн, Кочкор-Ата жана Кербен.
Аялдарды 8-март күнү менен куттуктап жатып, Садыр Жапаров аялдардын башкаруудагы ролун арттырууга мамлекет күч үрөп жатканын, жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга отуз пайыз квота берилерин жар салган.
«Демек, аялдар жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесстерге да таасир этүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деген ал.
Талапкерлердин тизмесин жана программасын кайдан көрүүгө болот?
Азырынча эч кайдан көрө албайбыз. Жакын арада жергиликтүү ЖМКда, ошондой эле БШКнын сайтында, «Талапкер» маалымат тутумунда жарыяланат. Үгүт компаниясы башталган 12-мартта «Талапкер» сайты иштебей калган — БШКдан «Клоопко» ресурста «техникалык оңдоолор» жүрүп жатканын жана сайт жакынкы сааттарда иштеп баштайт деп ишендиришкен.
15-март дүйшөмбү күнгө карата сайт иштеп баштады. Бирок, жергиликтүү кеңештерди шайлоолорго байланыштуу бөлүмдө партиялар жана талапкерлер жөнүндө маалыматтар дагы деле жок.
Бул бөлүмдү көргүсү келгендер сайттын эски версиясына өтүп калып жатышат. Ошол эле учурда, үгүттүн башталганына 3 күн болду.
Шаардык кеңештерден тышкары, 11-апрелде 420 айылдык кеңешке дагы шайлоо өткөрүлөт. Айыл жерлериндеги шайлоолорго өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катышат, аларды каттоо иштери 22-мартка чейин жүргүзүлөт.