«Элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу». Жапаров аялдарды 8-март күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык кыз-келиндерди Аялдардын эл аралык күнү, 8-март майрамы менен куттуктады. Ал «аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу» болуп келгенин билдирди.

COVID-19га каршы күрөш

Президент өз сөзүндө коронавируска каршы күрөштө алдыңкы катарда турган «аял-врачтардын, медайымдардын, ыктыярчы кыз-келиндердин каармандыгын» белгилеп өттү.

«Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөдү. […] Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөтүүдө» — деп куттуктоо сөзүндө айтылат.

*Контекст: пандемиядан улам, гендердик теңсиздик күчөп, аялдардын мойнуна түшкөн жүк өтө оорлогонун БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (UNFPA) билдирди. Аргумент катары UNFPA Кыргызстандагы медициналык аял-кызматкерлердин абалын келтирди, алар пандемия дүркүрөп күчөп турган кезде эркек кызматкерлерге караганда коронавирусту жуктуруу коркунучуна көбүрөөк кабылган.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында жана социалдык сектордо иштегендердин 83% — аялдар болгонуна байланыштуу UNFPA ушундай тыянакка келди. Алардын көбү орто деңгээлдеги медициналык кызматкерлер — медайымдар, фельдшерлер жана акушерлер. Ошондуктан аялдар ооруга чалдыккандар менен көбүрөөк контактта болушат.

Саясий укуктар

Президент аялдардын башкаруудагы ролун арттырууга мамлекет күч үрөп жатканын, жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга отуз пайыз квота берилерин билдирди.

«Демек, аялдар жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесттерге да таасир этүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деди ал.

*Контекст: Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңеш менен Жогорку Кеңештеги депутаттардын 30%ын аялдар түзүүгө тийиш. Бирок, көп учурда бул норма жергиликтүү кеңеште гана эмес, парламентте дагы сакталбайт.

Соңку үч жылда [2017-2020] бүткүл өлкө боюнча аял депутаттардын саны 11 пайызды ашкан эмес. Ал эми Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 20 гана депутат аял бар, мыйзам боюнча алардын саны 36дан кем болбош керек эле.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге дайындалган. Шайлоо өнөктүгү 28 шаарда жана 420 айыл аймагында өткөрүлөт. Жалпы жонунан 8 326 жергиликтүү депутат шайланышы керек, алардын ичинен 2 858 мандат аялдар үчүн камдалган.

Тема боюнча: «Бул сага оюн эмес». Эмне үчүн кыргыз саясатында аялдар абдан аз?