Талапкерлер жана партиялар тууралуу маалымат чыккан «Талапкер» сайты иштебей калды

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана ошондой эле, эгерде президент мыйзам долбооруна кол койсо, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өткөрүлөт. Шайлоолор 28 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 420 айыл аймагында өткөрүлөт.

Бирок, талапкерлер, партиялар жана алардын программалары менен таанышууга мүмкүн болгон talapker.shailoo.gov.kg сайты иштебей калды.

Боршайкомдон «Талапкер» сайты 12-мартта иштебей калганын «Клоопко» билдиришти. Бирок, «Клооптун» журналисттери бир нече күндөн бери бул сайтка кире албай жатышат.

«Азыр техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Сайт бир нече сааттан кийин иштеп калат», — деп БШК билдирди.

Бул сайт эмне үчүн маанилүү?

«Талапкер» сайты кыргызстандыктар үчүн талапкерлер жана партиялар жөнүндө бардык маалымат менен тааныша ала турган жалгыз ресурс болуп саналат.

Партиялардын жана талапкерлердин көпчүлүгүндө өздөрүнүн сайты жок, ал эми алардын соцтармактарындагы барактарда программа же талапкерлер тизмеси сыяктуу шайлоочуларга керектүү маалыматтар көбүнесе жазылган эмес.

Шаарларда жана айыларда кеңештерди шайлоо эмнеси менен айырмаланат?

Шаардык жана айылдык кеңештерди түзүү эрежелери бири биринен айырмаланат. Шаардык кеңештерде партиялар, ал эми айылдарда — өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер шайланат. Мындан тышкары, каттоо мөөнөттөрү, күрөөнүн чоңдугу жана үгүт иштерин баштоо күндөрү да айырмаланат.

11-мартта БШК шайлоого катышуу ниетин билдирген партияларды каттады. Ошентип, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия, Ош шаардык кеңешине — 9 партия ат салышат.

Айылдык кеңештерге шайлоого катышып жаткан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 22-мартка чейин катталышы керек.Шаардык кеңештерге шайлоонун алдын ала үгүт кампаниясы 12-марттан тарта башталды, ал эми айылдык кеңештерге шайлоонуку 22-мартта башталат.

Ош жана Бишкек шаарларында партиялар үчүн шайлоо күрөөсү — 50 миң сом, ал эми башка шаарларда 20 миң сомду түзөт. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү 1 миң сом.

Эгер партиялар же өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер шайлоого катышуудан баш тарткылары келишсе, алар бул тууралуу 7-апрелге чейин (ошол күнү дагы) билдире алышат.

Шайлоо күрөөсү талапкер болуудан баш тарткандыгы тууралуу арызды 22-мартка чейин берген талапкерлер менен партияларга кайтарып берилет — бул күнү комиссия бюллетендин тексти менен формасын бекитет. Ал эми 1-апрелден кийин катышуудан баш тарткандар тизмеден чийилет.

Партиялар жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин тизмедеги катар номерлерин аныктоо боюнча чучукулак 1-апрелде өткөрүлөт.