Активист Күрөңов бир айга камалды. Ал ачкачылык жарыялады

Свердлов райсотунда 17-март күнү активист Тилекмат Күрөңовдун үстүнөн сот отуруму өттү. Ал Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингди уюштургандардын бири. Сотто активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо чемими кабыл алынды.

«Бүгүн саат 16:00дөн тарта ачкачылык жарыялайм», — деп Күрөңов сот залынан чыгып жатып айтты.

Сот жабык форматта өтүп, журналисттер ичкери алынган эмес, сот имаратын милиция кызматкерлери курчоого алышкан. Таң эртеден бери имараттын тегерегинде Күрөңовдун тарапташтары жана Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышын жактагандар чогулушкан.

Активист Жеңиш Молдокматовдун айтымында, сот жактоочу тарапка иш менен таанышуу үчүн убакыт бербей коюп, андыктан адвокат аларга жок дегенде эки саат убакыт берүүнү суранган. Жыйынтыгында сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, отурумду саат 12:30га чейин жылдырган.

Молдокматов билдиргендей, алгач укук коргоо орган кызматкерлери сот Биринчи май райондук сотунда өтөрүн айтышкан, бирок андан кийин отурум Свердлов райсотуна которулган.

«Аягына чейин сот кайда өтөрүн айтпай, бардыгын жашырып туруп алышты. Аны кармоодо да ушундай эле болгон. Аны мыйзам бузуу менен суракка алышты. Мен бардыгына кайрылам! Азыр болуп жаткандын баары — бул жөн гана кысым эмес, бийликке каршы чыккан адамдардын баардыгына репрессия!» — деп билдирди ал.

Сот имаратынын алдында Тилекмат Күрөңовдун атасы да болгон. Анын айтымында, Күрөңов «Садыр Жапаровдун командасына кошулуудан баш тартканы» алардын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргүзүүгө жана уулунун кармалышына себеп болгон. Анын айтканы боюнча, ага жана уулуна көп жолу «чоң кызматтар сунушталган».

«Бирок, менин балам ал жерде көптөгөн алдамчылыктар болуп жаткандыгын айтып, мыйзамдуу жол менен кетүүнү каалап, сунуштардан баш тарткан. Үч күн мурун эле, президенттин адамдары менин уулума каалаган кызмат ордун жана акчаны сунушташкан. Өз кезегинде алар андан Баш мыйзамга каршы чыкпоосун өтүнүштү. Менин уулум баш тарткан, анткени ал өз чындыгына бекем ишенген», — деди ал.

Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бишкек ШИИБ билдиргендей,

Тилекмат Күрөңов социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

«Аталган факт Бишкек ШИИБнын КРЖБнда катталган жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштурууга ниеттенүү” беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр башталган», — деп ШИИБ билдирген.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында Күрөңов тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан. Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ошондой эле, Күрөңов «Ханституцияга каршы» борбордун мүчөсү, Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын жигердүү түрдө билдирип келет.