Кармалган активисттин атасы: «Президенттин адамдары кызмат жана акча сунуштады»

15-мартта кармалган жарандык активист Тилекмат Күрөңовдун атасы Кудайберген Күрөңов, анын уулу Конституциянын жаңы долбоорун сындабасын деп, ага жогорку кызмат жана акча каражаттары сунушташканын билдирди. Бул тууралуу Кудайберген Күрөңов Vesti.kg басылмасына курган маегинде белгилүү болду.

Сатып алуу аракеттери

Активисттин атасы анын өзүнө да, уулуна да Садыр Жапаровдун командасына кошулуп, «чоң кызматтарды ээлеп алуу» боюнча көп жолу сунуш кылынганын билдирди.

«Бирок, менин балам ал жерде көптөгөн алдамчылыктар болуп жаткандыгын айтып, мыйзамдуу жол менен кетүүнү каалап, сунуштардан баш тарткан. Үч күн мурун эле, президенттин адамдары менин уулума каалаган кызмат ордун жана акчаны сунушташкан. Өз кезегинде алар андан Баш мыйзамга каршы чыкпоосун өтүнүштү. Менин уулум баш тарткан, анткени ал өз чындыгына бекем ишенген», — деди ал.

* Бишкекте 9-мартта Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алууга каршы митинг өткөрүлгөн. «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов жана Тилекмат Күрөңов бул митингдин уюштуруучуларынын арасында болушкан. Күрөңов митингде модераторлук кылган.

Чогулгандар парламенттин алтынчы чакырылышын таратуу же аларды каржылоону токтотуу талабын да коюшкан. Мындан сырткары митингчилер Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сынга алышкан жана конституциялык реформаны жетинчи чакырылыштын депутаттары гана ишке ашырышы керек болчу деген пикирин билдиришкен.

Тинтүү тууралуу

Активисттин атасынын айтымында, 15-мартта он чакты адам алардын үйүнө келишкен, алардын арасында куралчан эки спецназ кызматкер да болгон.

«Алар соттун чечимисиз келип алышып, муну бизди далилдерди жок кылып салабыз деп кооптонгону менен түшүндүрүштү. Бирок биз террорист эмеспиз. Натыйжада, тергөөчүнүн буйругу менен, алар биздин батирде бир эле мезгилде тасмага тартып, тинтүү жүргүзө башташты. Ошондой эле, алар кандайдыр бир туура эмес иш-аракеттерди кылып жибербесин деп, эмне болуп жаткандыгын биз да камерага жазып баштадык. Буга жооп кылып, биз тасманы тартууну токтотобуз деген коркутууларды уктук, бирок биз токтоткон жокпуз. Алар биздин үйдөн мыйзамсыз эч нерсе таба алышкан жок», — деп Күрөңов билдирди.

Активисттин атасы укук коргоо кызматкерлери ноутбук, флешка жана эски сим-карталарды, документтерди, Конституция жөнүндөгү жана диний китептерди алып кетишкенин билдирди. Бирок милиция кызматкерлери кайсыл документтерди алып кеткенин үйдөн алынган буюмдардын тизмесине киргизген эмес.

* Мындан тышкары, «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде да тинтүү жүргүзүлгөн. Тилекмат Күрөңов бул кыймылдын мүчөсү.

«Кеңсени мен ижарага алгам. Ал мага тиешелүү. Кеңседен компьютердин процессорун, флэш-карталарды алып кетишти. Мен тергөө аяктаганча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бердим. Ушундай эле тинтүү Тилекматтын үйүндө да болду» — деп, Күрөңовдун үзөңгүлөшү Жеңиш Молдокматов «Азаттыкка» билдирди.

Октябрь окуялары тууралуу

Күрөңовдун атасынын айтымында, ата-бала экөө тең октябрь окуяларына катышкан.

«Анын [Тилекмат Күрөңовдун] президентке кирүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ошондуктан менин уулум ага барып, “Кыргыз Темир жолундагы” Дашковдун коррупциялык иштери жөнүндө айтып, ага чара көрүүнү суранды Ошондо Жапаров бардык мыйзамсыз иш-аракеттерди билем, бирок эч нерсе кыла албайм, анткени ал жерде Орусиянын кызыкчылыктары бар деп жооп берди. Ал Дашковго тийбөөнү суранды», — дейт ал.

* 18-февралда Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишканадан кантип акчаларды адалдап турганын боюнча биргелешкен иликтөөнү жарыялашкан. Журналисттер “Кыргыз темир жолунун” учурдагы жетекчиси Дашков бул кызматка дайындалгандан тарта, 2 жыл ичинде эле ага тикелей таандык болгон же байланышы бар үч фирма мамлекеттик ишкананын 176 млн сомдук тендерлерин утканын аныктап чыгышкан.

Ошондой эле, активисттин атасы Садыр Жапаров үчүн 44 күн түрмөгө жатып чыкканын кошумчалады.

«2013-жылы “Соң-Көл” форумуна байланыштуу 44 сутка түрмөгө жатып чыккам. Менден Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алууну максат кылышкан, бирок мен андайга барган жокмун. Биз дайыма президентти колдоп келгенбиз, бирок адилеттүүлүк барынан жогору турушу керек да», — дейт ал.

*Кудайберген Күрөңов 2013-жылы 24-августта Соң-Көлдүн жээгинде өткөн курултайды айтып жатышы ыктымал. Анда «Бүткүл Кыргызстан» жаштар партиясы баштаган саясий бирикмелер курултай уюштурган. Анда жаштар концепциясын иштеп чыгып, анын негизинде декларация кабыл алып, президент, парламент жана өкмөткө кайрылуу жөнөтүү пландалган.

Форумга конок катары чакырылгандардын арасында Садыр Жапаров дагы бар болчу. Кийин УКМК оппозиция өлкөгө бүлүк салуу үчүн план түзүп жатканы тууралуу чырлуу видео тасма тараткан. Атап айтканда видео тасмада оппозиция өкүлдөрү өлкөнүн туруктуулугун бузуу үчүн ишке ашыруучу үч план тууралуу сөз болгон. Анын ичинде, бийликтин атаандаштары Нарын дарыясына цианид төгүп салууга камынып жатканы тууралуу дагы айтылган.

Жапаров өзү оппозиция төңкөрүшкө даярданып жатканы тууралуу маалыматты «УКМКнын фантазиясы» деп атаган. Ошондой эле, бул оппозиция элге жек көрсөтүү үчүн атайы жарыяланган видео болушу мүмкүн деп билдирген.

Күрөңовдун кармалышы

Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бишкек ШИИБ билдиргендей, Тилекмат Күрөңов социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

«Аталган факт Бишкек ШИИБнын КРЖБнда катталган жана «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жана «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга ниеттенүү» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр башталган», — деп ШИИБ билдирди.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында Күрөңов тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан. Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

*Жетим-Тоо кени Нарын облусунда, Кытай менен чектешкен жерден орун алган. Анда темирдин ири запасы жана алтын бар.

Садыр Жапаров 13-ноябрда Кытайга болгон тышкы карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоонун өзүн эмес, андан казылып алынган чийки затты Кытайга берсек болот деп айткан болчу.

Жапаровдун бул айткандары коомдо чоң талкуу жаратып, жыйынтыгында президенттин аппараты менен өкмөт түшүндүрмө берүүгө аргасыз болушкан. 2021-жылдын январь айынын башында өкмөт тарабынан мамлекеттик карыздын ордуна кен чыгуучу тоону берүү — Садыр Жапаровдун «жеке пикири», ал эми өкмөткө «бир адамдын пикири таңууланбашы керек» деп белгилешкен.

Ошол кездеги вице-премьер-министр Максат Мамытканов өкмөттө Кытайга болгон карызды Жетим-Тоонун рудасын берип кутулуу маселеси каралбаганын, бул кен боюнча Кыргызстандын өзүнүн пландары болгонун айткан.

Ошондой эле, Күрөңов «Ханституцияга каршы» борбордун мүчөсү, Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын жигердүү түрдө билдирип келет.