Милиция Тилекмат Куреновду кармады — ал жаңы Конституцияга каршы митингди уюштургандардын бири

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү (Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат) жарандык активист Тилекмат Куреновду кармады. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов 15-мартта кабарлады.

Куренов парламенттин тарап кетүүсүн талап кылган жана жаңы Конституцияга каршы 9-мартта өткөн митингдин уюштуруучулардын бири.

«Куугунтуктан азап чегип, запкы көргөн бийлик бул кадамыңар жеткен наадандык! Буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн Тилекмат Куреновду азыр ГУБОПго алып кетишиптир», — деп жазды Молдокматов.

Кийинчерээк Молдокматов Куреновдун Бишкек ШИИБнин 10-бөлүмүнө алып кетишкенин тактады. Бирок ал кайсы иштин алкагында кармалганы белгисиз. Биринчи май райондук соту Куреновдун бөгөт коюу чарасын тандаганы турат.

Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков «Клоопко» бул боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

«Парламент тарасын!»

9-мартта Ак үйдүн астында оппозициячыл саясатчылар жана жарандык активисттер жаңы Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алууга каршы митингге чыгышкан. Алардын арасында экс-депутат Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова болушкан.

Чогулгандар парламенттин алтынчы чакырылышын таратууну же аларды каржылоону токтотуу талабын да коюшкан. Мындан сырткары митингчилер Жогорку Кеңештин депутаттары конституциялык реформа жүргүзүүгө «моралдык укугу жок» болгонун айтып, жаңы Баш мыйзамды жетинчи чакырылыштын депутаттары демилгелеши керек болчу деген пикирин билдиришкен.

Кийинчерээк Молдокматов журналисттер менен маек куруп, Жогорку Кеңештин ар бир депутатын жана президент Садыр Жапаровду сотко бере турганын билдирген.

«“Ханституцияга каршы борбор” түзүлгөн, ошонун ичинде саясий күчтөр, жарандык активисттер жана башкалар бар. Биргеликте, персоналдуу түрдө депутаттарды жана президентти [бийликти] узурпация боюнча сотко беребиз — ар бирин бирден», — деен Молдокматов.