Никитенко активисттерге карата кысым боюнча ИИМ жана Башкы прокуратурага кайрылды

Депутат Наталья Никитенко 16-мартта ИИМ башчысы Улан Ниязбековго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге жарандык активисттерге карата болуп аткан кысым боюнча кат менен кайрылганын билдирди. Никитенко бул фактылар боюнча толук маалымат берүүнү өтүндү.

Никитенко активист Тилекмат Күрөңовду кармоо жана милиция кызматкерлери тарабынан юрист Сания Токтогазиева тууралуу маалымат чогултуу жана мыйзамсыз куугунтуктоо Конституцияга каршы келерин белгиледи. Ал ой-пикир билдирүү эркиндиги кол тийгис экенин да кошумчалады.

Сегодня написала письма министру внутренних дел Генеральному прокурору. В последние дни происходят события которые...

Опубликовано Наталья Владимировна Никитенко Вторник, 16 марта 2021 г.

Депутаттын ою боюнча, активисттерге карата бийлик тараптан болуп жаткан кысым Кыргызстанда демократиянын туруктуулугуна коркунуч туудурат.

«Адам укуктарын, жарандардын эркиндиктерин бузууга эч качан жол берилбеш керек деп эсептейм», — деп Никитенко билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жалпыга айткан сөздөрүндө* өлкөдө жарандарга карата каршы пикирлерин билдиргени жана коомдо талкууланып жаткан маселелер боюнча өз саясий оюн ачык айтканы үчүн эч кандай куугунтук болбогонун айткан.

* Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна жакында эле курган маегинде азыркы учурда Кыргызстанда митингдерге чыгып жаткан саясатчылардын, активисттердин жана журналисттердин эч бири куугунтукталган жок деп айткан.

Күрөңовдун кармалышы

Конституциянын жаңы долборуна жигердүү каршы чыгып, ал эле эмес аны кабыл алууга каршы митингин уюштурган жарандык активист 15-мартта кармалган. Активист эки суткага убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бишкек ШИИББден активист Күрөңов социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн кармалганын тастыкташкан. Ага ылайык, активисттин билдирүүлөрүндө «бийликти күч менен басып алуугажана массалык башаламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

«Аталган факт Бишкек ШИИБнын КРЖБнда катталган жана «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жана «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга ниеттенүү» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр башталган», — деп билдирген ШИИББ.

ШИИББден келген мырза 

Началось! Какие-то странные люди представившись представителями правоохранительных органов ищут меня. Буквально час...

Опубликовано Saniya Toktogazieva Пятница, 26 февраля 2021 г.

Юрист жана Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева 26-февралда өзүн милиционер деп тааныштырган белгисиз эркек киши ал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн кабарлаган.

Анын айтымында, бир бейтааныш адам өзүн Мирлан Качкынбаев деп тааныштырып, подъезд боюнча жооптууга телефон чалган (Качкынбаев подъезд боюнча жооптуу Токтогазиеванын жолдошу экенин билген эмес болуш керек). Качкынбаев Сания Токтогазиеваны издеп жүргөнүн айтып, ал кайсы батирде жашап жатканын билип берүүнү суранган.

«Андан кийин ал [Качкынбаев] келген болчу, жолдошум анын иш аракетин жаздырып алуу максатында камерасын күйгүзүп, видеого тарткан. Жолукканда эле Качкынбаев бир нерсени сезгендей башка темада сүйлөй баштаган. Таптакыр башка ойдон чыгарылган окуяны айтып, сакалчан эки кызды издеп жүргөнүн билдирген. Жолдошум ага Сания Токтогазиеваны издеп жүрбөдүңүз беле деп айтса, эч качан антип айткан эмесмин деп жооп берген», — деп Токтогазиева билдирген.