Садыр Жапаров: Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбойт деп ишендирди.

Ал 5-октябрда бир да журналисттин, депутаттын, саясатчынын чекесине чертилбегенин, андан кийин куугунтук болбогонун айтты. Ал 2010-жылы таптакыр башка окуя болуп, саясатчылар менен журналисттердин алды өлкөдөн качып кеткенине токтолду.

«2010-жылы эмне болду эле? Үйүнө чейин кирип барышкан. Журналисттер менен саясатчылар качып, алты айдан кийин келишкен. Арты үч жылдан кийин келген. Биз андай кылбайбыз, ал оорудан кетишибиз керек», — деди ал.

*Садыр Жапаров журналисттерге басым болбой турганын жана коркутуулар болбой турганын президенттин милдетин аткарып турганда да айткан. Ошол эле учурда журналисттер дагы өз кезегинде «жоопкерчиликти алып, маалымат менен манипуляция кылбашы керек» деп белгилеген.

Жапаров андан сырткары ал бийликке келгенден кийин кармалган Абдил Сегизбаев боюнча пикирин билдирди. Президенттин айтымында, Сегизбаевге президенттик шайлоого чейин эле кылмыш иши козголгон.

«Абдил Сегизбаев боюнча шайлоого чейин эле кылмыш иштери бар болчу. Бирок ал шайлоого катышканда кол тйибестин укугуна ээ болгон. Мен шайлоо учурунда эле ага иш козголгонун айтып келгем. Биз мурдагыдай куугунтуктагыбыз келсе шайлоого жеткирбей эле камап койсок болот эле. “Иши далилденсе анан гана камагыла” деп мен баарына айтып жатам. Мага жеткен маалыматтар боюнча анын бир эле эмес, бир нече иши бар экен», — деди Жапаров.

Ал андан сырткары азыр саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып, көчөгө чыгып митинг кылып жатканын айтты. Анын пикиринде учурда алардын бирөөнө дагы куугунтук болгон жок.

«Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», — деди ал.

*Бишкекте ар жекшемби сайын өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган тынчтык жөө жүрүшү өтүп келет. Жүрүш ар кайсы темаларга арналган. Жарандык активисттер бийликтен коррупционерлерди камоону, чек ара маселелерин чечүүнү, Конституцияны өзгөртпөөнү, парламенттин алтынчы чакырылышын таратууну талап кылып келишкен.

Сегизбаев жана тарапташтарынын кармалышы

Жапаров маегинде кайсы бир саясатчыга же журналистке куугунтук болбогонун баса белгиледи. Бирок Сегизбаев кармалгандан кийин аны коргоп чыккандар укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, бир нече сааттан кийин гана коё берилген.

Сегизбаев январдын аягында «Белизгейт» окуясы боюнча кармалып, эки айга камалган. Ага андан сырткары кызматтык батирлерди жана жер тилкелерин бөлүштүрүүдө коррупциялык иштерге барган деген айыптар тагылууда.

Сегизбаевдин тарапташтарына болгон басым муну менен гана токтоп калган эмес. 3-февралда атайын кызматтын өкүлдөрү Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанованын үйүн тинтүүгө алып, күйөөсүн суракка алып кетишкен. Кийин Асанова дагы УКМКга суракка чакырылган. Ал эми февралдын ортосунда Сегизбаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Чодобаева кармалган.

Андан сырткары март айынын башында президенттик шайлоодо талапкер Абдил Сегизбаевдин штабын жетектеген Алмаз Үсөнов УКМКга сурак берген. 11-мартта «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов «Белизгейт» чыры боюнча атайын кызматке суракка чакырылган. Журналист «Белизгейт» окуясы учурунда КТРКда журналист болуп иштеген. Ал атайын кызматтын өкүлдөрү «кылмыш ишин козгойбуз» деп коркутканын билдирген.