Саламаттык сактоо министринин эки орун басары кызматтан алынды

Мадамин Каратаев / Нурболот Үсөнбаев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин эки орун басары — Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал эми орун басарлар эмне себептен кызматтан алынганы азырынча белгисиз.

«Бул ведомствону кайрадан уюштурууга байланыштуу болушу мүмкүн», — деп билдирди Каратаев «24.kg» басылмасына.

Каратаев бул кызматты 2018-жылдын июнь айынан тарта ээлеп келген. Ал эми Үсөнбаев пандемия учурунда, 2020-жылдын апрель айында дайындалган.

Буга чейин 12-февралда, премьер-министр Улукбек Марипов «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу» максатында бир канча министрликтерди бириктирген. Анын натыйжасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине кошулган.

Ал эми Соцөнүгүү министри Ализа Солтонбекова жаңы түзүлгөн министрликтин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин биринчи орун басары болуп дайындалган.