Жаңы министрликтер жана бириккен мекемелер. Өкмөттүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөр

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-февралда өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомго кол койду. Ири өзгөрүүлөр Экономика жана каржы министрлигинде жана Айыл-чарба министрлигинде болду.

Экономика министрлигинде эмне өзгөрдү?

Мурда маалым болгондой эле Экономика министрлиги менен Финансы министрлиги бир ведомствого бириктирилди. Аны менен бирге жаңы түзүлгөн Экономика жана финансы министрлигине бир нече башка мекемелер кошулду: Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, салык жана бажы кызматтары, ошондой эле Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.

Ошондой эле, интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жана финпол Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөн. Буга чейин Kaktus.Media басылмасы финпол ИИМдин курамына кошуларын жазган болчу.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өзгөртүлдү. Ал эми туризм тармагындагы функциялар Экономика министрлигине өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, штаттагы кызматкерлер жана туризмдин финансылары дагы бул министрликке өткөрүлөт.

Ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүлөт.

Айыл чарба министрлигинде эмне өзгөрдү?

Чоң өзгөрүүлөр Айыл чарба, тамак-аш өнөй жайы жана мелиорация министрлигинде болгон — ал Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги деп өзгөргөн. Анын ичинде, Экономика министрлиги аймактарды өнүктүрүү жаатындагы функцияларын Айыл чарба министрлигине өткөрүп берген.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги эми Айыл чарба министрлигине кирет, бирок Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Транспорт министрлигинин карамагына өтөт.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Токой чарба мамлекеттик агенттиги катары кайра түзүлүп, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин курамына киргизилген. Ал эми экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча функциялары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик дагы экиге бөлүндү. Этностор аралык мамилелер Маданият министрлигине өткөрүлөт, ал эми Аймакты өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине өзгөргөн агенттиктин өзү эми Айыл чарба министрлигине кирет.

Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция дагы Айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Айыл чарба министрлигинин курамына Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги да кирет.

Жаңы министрликтер

Өкмөттүн токтомуна ылайык, төрт жаңы министрлик түзүлдү. Алардын бири Финансы министрлиги менен бириктирилген Экономика министрлиги, экинчиси — Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.

Ошондой эле, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлдү. Ал эми Транспорт жана жол министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир ведомствого бирикти — Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги.

Өкмөттө дагы кандай өзгөрүүлөр болду?

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат мындан ары юстиция министрлигинин карамагына кирет. Ал эми жогорку аттестациялык комиссия — Билим берүү министрлигине карады. Буга чейин бул кызматтар ИИМдин курамына кирет деп божомолдонуп жаткан.

Мындан тышкары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен Социалдык фонд дагы Саламаттык сактоо минитрлигинин карамагына өттү.

«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы дагы өзгөрдү. Эми аны Мамлекеттик каттоо кызматы эмес, Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы башкарат.

Премьер-министр Улукбек Марипов бул кызматка талапкер болуп турганда эле, өкмөттүн түзүмүнө олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун айткан болчу.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ал 10дон ашуун жолу өзгөртүлгөн. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, өкмөттүн курамында ушул сыяктуу өзгөрүүлөр 2005-жылы Курманбек Бакиев президент болгондо орун алган.