Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу деңгээлге жетип калды — энергетика министри

24-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев депутат Таабалды Тиллаевдин суроолоруна жооп берип жатып, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу деңгээлге жетип калганын билдирди.

Министр кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт тийиштүү чараларды көрүп баштаганын түшүндүрдү. Турдубаев андай чаралардын бири катары Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону атады. Министр марттын башында эле импорт башталганын кошумчалады.

*Электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоп алуу жөнүндө буга чейин президент Садыр Жапаров да сөз кылган. Ошол учурда Жапаров «суу маселеси боюнча проблемалар башталганын», суу сактагычтагы абал «катастрофалык деңгээлге жете турганын» айткан.

Министр Бишкек ЖЭБиндеги электр кубатынын генерациясын дагы 1 млрд киловатт саатка жогорулатуу аркылуу да маселени чечсе болорун айтат. Жалпысынан электр энергиясын иштеп чыгуу 2,5 млрд киловатт саатка өйдөлөйт.

*Токтогул суу сактагычына жалпы 19,5 млрд метр куб суу батат, эң аз дегенде суунун көлөмү 5 млрд болууга тийиш. «Электр станциялары» ААКнын 24-мартка карата берген маалыматына таянсак, суу сактагычтагы суунун көлөмү 8,7 млрд метр куб болуп турат, башкача айтканда, максималдуу көлөмдөн эки эсеге аз.

Турдубаев абалдан чыгуунун үчүнчү кадамы катары электр энергиясын ички колдонууну азайтуу дейт. Министр түшүндүргөндөй, былтыркы жылга салыштырмаруу Токтогул суу сактагычында 3 млрд кубометр суу жетишпейт.

Кыргызстандагы электр энергиянын тартыштыгы

Кыргызстандын энергетикалык тармагында каатчылык биринчи жолу келип чыккан жок. Өлкөнү бозгун президент Курманбек Бакиев башкарып жаткан кезде суунун деңгээли төмөн болгондуктан, аймактарда кезек-кезеги менен электр энергиясы өчүрүлгөн.

2010-жылдагы революциядан кийин, өлкө бийлиги суу сактагычта суунун деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, жарандарга электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоону убада кылышкан. Ошол эле кезде, 2020-жылдын декабрь айында суу сактагычта суунун деңгээли 13 млрд метр кубду түзгөн.