Пандемия күчөп турганда ИВЛ аппараттары кымбат баада алынган — УКМК

Саламаттык сактоо министрлиги пандемия маалында медициналык каражаттарды жана жабдууларды утур-утур өз наркынан кымбат баада сатып алып турган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 26-мартта билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2020-жылдын май айында Саламаттык сактоо министрлиги жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма дем алдыруу аппараттарын сатып алган, ал эми алардын базар баасы 600 миң АКШ долларынан ашкан эмес. Мамлекеттик сатып алуулар эл аралык грант жана насыялардын эсебинен жүргүзүлгөн.

«Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган 40 даана ИВЛ-аппараттын ар бири 30 миң АКШ долларынан турган, ал эми Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча ошондой аппараттын баасы болгону 7900 АКШ долларын түзгөн. Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында ар биринин баасы 25 миң АКШ долларды түзгөн 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алынган, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаганы белгилүү болгон, — деп Коопсуздук комитети билдирди.

УКМКдан ушундай эле көрүнүш медициналык мекемелерге кычкылтек концентраторлорун жана функционалдык керебеттерди алууда да байкалганын белгилешти.

Аталган факт боюнча «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Журналисттердин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө иликтөөсү

2020-жылдын 3-июлунда «ПолитКлиника» басылмасынын журналисттери жеке коргонуу каражаттары (СИЗ) жана ИВЛ аппарраттарынын мамлекеттик сатып алуусу тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн.

Журналистттер иликтөөсүндө 2020-жылдын январь айынан май айына чейинки ишке ашырылган мамлекеттик сатып алууларды анализдеп көрдү.

Иликтөөдө алар СИЗдер, беткаптар жана ИВЛ аппараттары пандемия учурунда кымбаттап кеткенин белгилешкен. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар бул товарларды саламаттык сактоо тармагына тиешеси жок компаниялардын кымбат баада алышкан.

Журналисттер төмөнкүлөрдү жазышкан:

Базар баасы 30 сомдон 150 сомдон ашпаган бир жолу колдонулуучу беткаптардын бир даанасы 400 сомдон сатылып алынган;

Респиратордук беткаптар 300 сомдон сатылып алынган, бирок аны 5-6 эсе арзан сатып алуу мүмкүн эле;

Коргоочу костюмдар 6 миң сомдон сатылып алынган, бирок алардын базар баасы 2 миң сомдон ашкан эмес;

Жасалма дем алдыруучу аппараттар 2,5 млн сомдон сатылып алынган, бирок журналисттердин айтымында, аны интернет-дүкөндөрдөн 1 млн сомго сатып алса болот эле.

Саламаттык сактоо министрлиги жана анын пандемиядагы мыйзам бузуулары

2020-жылдын октябрь айында финпол* коронавирус менен күрөшүүгө арналган гумжардамды ыксыз бөлүштүрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

*Финпол 5-мартта жоюлган, бирок мекеменин функциясын кайсы ведомство алары азыркыга чейин белгисиз.

Иштин фигуранты катары мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өтүп жатат. Ал шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалган. Ушул тапта ал жүрөгүнө операция жасалгандан кийин үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишинин дагы бир фигуранты мурдагы преьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Өлкөнү пандемияга даярдоонун башында тургандардын алгачкысы дагы Абылгазиев болгон. Бирок ал мыйзамсыз баюууга шектелип кармалган. Ошентсе да финпол жана УКМК аны пандемия маселелери боюнча дагы суракка алган.

Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов дагы финполго күбө катары сурак берип чыккан.

2021-жылдын башында финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев бийлик 2020-жылдын жай айларындагы пандемиянын биринчи толкунуна начар даярдык көргөн чиновниктердин баарын жоопко тартат деп билдирген.

Ошондой эле, коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандардын ишин иликтеген ведомстволор аралык комиссия кыргыз бийлиги бюджетке караштуу жана донорлордон келлген каражатка, коронавируска каршы күрөшүүгө деген шылтоо менен атайылап жогорулатылган баада ыксыз сатып алууларды ишке ашырганын ачыктаган.

Бирок 7-октябрга караган түнү белгисиз адамдар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ФОМС) фондуна чабуул жасашкан — кеңседеги кылмыш ишине далил болуучу документтер жана санарип маалымат сактагычтар жок кылынган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жөнөкөй маска 25 сом, коргоо костюму 6 миң сом. Коронавирустан кимдер пайда көрдү?