Абылгазиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды. Ал 26-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Экс-премьер-министрдин жактоочусу Данияр Эркимбаев сот чечимин жогорку инстанцияга даттана турганын маалымдады.

Абылгазиев «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалган.

Ал өкмөттү жетектеп турган кезде «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген токтомго кол койгон.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, натыйжада Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калган. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирет.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын апрель айында премьер-министр болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылдын июнь айында ал «радиожыштыктар чуусуна» байланыштуу кызматтан четтеп турууга аргасыз болгон.

Тема боюнча:

Экс-премьер Абылгазиев «Кумтөргө» байланыштуу иш боюнча кармалды