Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Гүлкан Молдобекованын күйөөсү Мирбек Асанакуновго Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын (КККФ) жетекчисинин милдетин аткарууга тыюу салды.
Соттун 18-марттагы аныктамасына ылайык, Асанакуновго, Ренат Арыковго жана Сулейман Закировго [анын орун басары катары иштеп жаткан] кызматтык бөлмө, транспорт жана мүлктү колдонууга тыюу салынды.
Ошондой эле, эми алар мындан ары бирикменин атынан документтерге кол коё алышпайт, КККФнын кадр маселелерине, каржылык-чарба ишмердигине байланыштуу кандайдыр бир чечим чыгара алышпайт жана республиканын мамлекеттик органдарында федерациянын өкүлү боло алышпайт.
Мындан тышкары, Асанакунов, Закиров жана Арыков үчөөнө КККФнын бюджетинен акча каражаттарын алууга, бирикменин банктардагы эсептери аркылуу кандайдыр бир финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынды.
Аныктама Кесиптик кошуундар федерациясын рейдерлик басып алуу иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганына байланыштуу киргизилди — Асанакунов ал иште шектүү катары өтүп жатат.
Кесиптик кошуундар федерациясында эмне болуп жатат?
Мирбек Асанакунов 2020-жылдын 5-февралына чейин Кесиптик кошуундар федерациясын жетектеп турган. Бирок кийин ал жалган документ жасоого айыпталып, анын ордуна төраганын орун басарынын милдетин аткарууга Рысгүл Бабаева дайындалган. Уюмдун өзүнөн билдиришкендей, мурдагы жетекчи Мирбек Асанакунов мекемеге келип, өз билемдик менен жетекчинин ордун ээлеп алган.
Ал кызмат ордун бошотуп берүүдөн баш тарткан — КККФнын кеңеши ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошкон. Алар болуп жаткан көрүнүштү Асанакуновдун депутат аялына байланыштырышкан.
Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес, Кесиптер кошуунунда Асанакунов тарабынан кысым болуп жатканы тууралуу бир нече жолу айтылган. 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Асанакунов кресло үчүн күрөшүн күчөткөн.
2020-жылдын 25-декабрында Кесиптик кошуундар федерациясында эки кезексиз съезд өтүп, анда эки башка федерация башчысы дайындалган — биринде Мирбек Асанакунов, экинчисинде Сагын Бозгунбаев шайланган.
Бозгунбаев Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын башчысы катары Юстиция министрлигинде катталган. Бирок Асанакуновдун тарапташтары жаңжал чыгарып, ага иштөөгө мүмкүндүк беришпей, айрым маалыматтар боюнча Бозгунбаевди иш бөлмөсүнө да киргизбей коюшкан. Мындан кийин соттук тирешүүлөр башталып, «асанакуновчулдар» митингдерди уюштурушкан.
Укук коргоо уюмдары эмне дешти?
Human Rights Watch укук коргоо уюму, Кесиптик кошуундар федерациясындагы абалга комментарий берген. Юристтердин айтымында, бийлик кесиптик бирикмелердин ишмердигине кийлигишип алганын билдирген.
Ошондой эле, укук коргоочулар 2020-жылдын февраль айынан бери Асанакуновдун арыздары боюнча Бишкекте укук коргоо органдары кесиптик кошуундун активисттеринин үстүнөн 50дөн ашуун кылмыш иши козголгонун белгилешкен. Төрт активистке карата — фигуранттар Асанакуновду отставкага кетирүү токтомуна кол коюшкандан кийин козголгон.
«Парламент кесиптик кошуундарга чектөө коюу жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоорун карап чыккандан кийин федерациянын төрт лидерин куугунтукталып жатат. Бул мыйзам кабыл алына турган болсо, тармактык жана аймактык кесиптик кошуундар жогору турган кесиптик бирикмеге кирүүгө милдеттүү болуп калат, мындай учурда кесиптик кошуундардын өз түзүмүн өз алдынча аныктоо укугу бузулууда».