Камчыбек Ташиев: Матраимов бир аптадан кийин өзүнө келиши керек

Райымбек Матраимов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйында бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир аптадан кийин өзүнө келе турганын билдирди. Матраимов учурда «Бикард» жеке клиникасында дарыланып жатат.

«Ал боюнча күнүнө маалымат кат алып турабыз. Ал азыр жүрөгүнө коронарография кылдырды. Коронарографиядан кийин бир аптадан кийин өзүнө келиши керек. Бүтүп калдыго дейм. Менин азыр колум тийбей жатат, ар жакка чуркап жүрөм. Кече дагы түнү учуп келдим, бүгүн азыр Баткенге учуп кетип жатамын, колум тийбией жатат. Жакынкы арада коррупционерлер менен алектенип баштаймын, көптөгөн киши камалат», — деди Ташиев.

Райымбек Матраимов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» шектелип, УКМК тарабынан 18-февралда кармалган. Буга чейин ал бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган.

Бир аптадан кийин Матраимов атайын кызматтын тергөө изоляторунан ооруканага жаткырылган. ЖМКлар экс-бажычыда гипертония аныкталганын жазышкан.

УКМК бул маалыматты дээрлик бир ай тастыктабай жүргөн. Кийинчерээк комитеттин басма сөз кызматы Матраимов «Бикард» жеке клиникасында жатканын ырастап, аны УКМКнын кызматкерлери коргоп жатышканын билдирген.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өткөн. Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.