УКМК Матраимов «Бикард» клиникасында дарыланып жатканын ырастады

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов борбор калаадагы «Бикард» жеке менчик ооруканада дарыланууда. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине бышыктады.

«Ооба, ал ошол жакта [«Бикард» клиникасында] жатканын тастыктайбыз, аны Биздин кызматкерлер кайтарышууда, бирок алар жарандык кийимчен», — деп УКМКда билдиришти.

Ошол эле учурда, УКМКнын басма сөз кызматы Матраимов кайсы ооруга чалдыкканын так айткан жок, ал ооруканадан качан чыгары тууралуу маалыматты дарыгерлерден такташ керек экенин кошумчалады.

Матраимов «Бикард» клиникасында дарыланып жатканы тууралуу маалымат ЖМКларда 24-февралда пайда болгон, ага ылайык, экс-бажычыда гипертония аныкталган.Ошол эле учурда сот буга чейин төрт күн мурда аны кылмыштуу кирешелерди адалдоо иши боюнча эки айга ТИЗОго киргизген.

Кийинчерээк 24.kg басылмасынын журналисттери Матраимов «Бикард» клиникасында жатып-жатпаганын текшерип көрүшкөн. Клиниканын директору Дамир Осмонов басылмага курган маегинде, Матраимов чындыгында эле алардын клиникасында дарыланып жатканын маалымдаган. Бирок, Матраимов жаткан палатаны кимдер күзөтүп турганын түшүндүрүп бере алган эмес.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өткөн. Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.