Жалил Атамбаев келтирген 100 млн сом чыгымды төлөп берди — УКМК

Милициянын мурдагы кызматкери Жалил Атамбаевдин кылмыш ишин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 29-мартта кабарлады.

Жалил Атамбаев мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.

Тергөөнүн натыйжасында, ИИМ кызматкери болуп жүргөн кезинде Жалил Атамбаев жеке ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 млн сомду түзгөн кыймылсыз мүлктү сатып алып, аны жакын туугандарына каттатканы маалым болду.

Мурдарак Атамбаевдин жактоочусу тергөө менен кызматташууга жана мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтурууга даяр экенин билдирген.

«2021-жылдын 29-мартында шектүү Атамбаев келтирген чыгымдын калган суммасын — 50 млн сом төлөп берди. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата кылмыш ишинин натыйжасында аныкталган 100 млн сом чыгым толугу менен төлөнүп бүттү», — деп билдиришкен УКМКдан.

Коопсуздук комитетинен белгилешкендей, бул иш боюнча тергөө аяктап калды. Бардык тийиштүү тергөө амалдары аткарылгандан кийин «акыркы процессуалдык чечимдер чыгат», ал эми иликтөө белгиленген мөөнөт ичинде аяктаган.

УКМК кызматкерлери Жалил Атамбаевди 3-мартта кармашкан. 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Жалил Атамбаевди үй камагына чыгарганын мекемеден билдиришкен.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Атамбаев ички иштер органдарында иштеп турган убакта мыйзамсыз ишкерлик менен алектенип, олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, жалпы суммасы 100 млн сомдон ашуун кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарына каттаткан.

Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 млн сомдон ашык салган. УКМК Жалил Атамбаев калган 50 млн сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилгенин белгилеген.

Жалил Атамбаев деген ким?

Жалил Атамбаев — чоң ишкер. Ал тууралуу иликтөөчү-журналист Ыдырыс Исаков 2019-жылы «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу болуп жатканын ашкерелеген.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат Исаков айтып өткөн фактылар боюнча «Салыктан жана / же башка милдеттүү төлөмдөрдөн качуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Көп өтпөй Атамбаев Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом моралдык компенсация талап кылган. Ошондой эле, ал өзүнүн мурдагы эки бизнес өнөктөшүнөн 5 млн сомдон компенсация талап кылган. Алар журналисттик иликтөөгө респондент болушкан.

Журналисттер, Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү Исаковду колдоп чыгышып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду кырдаалга көңүл бурууга чакырышкан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да журналистке колдоо көрсөтүшкөн.

Коомдо резонанс жаралып кеткенден кийин ишкердин адвокаты Шумкар Абдыжапаров Ыдырыс Исаковго коюлган доодон баш тарткан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, финпол Жалил Атамбаевге жана анын туугандарына байланыштуу болгон ишканаларда жалпы суммасы 40 млн сомду түзгөн салыктан качуу схемаларын таап чыккан.

«Салыктан жана / же башка милдеттүү төлөмдөрдөн качуу» беренеси боюнча ишке «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча да бир кылмыш иши кошулган.

Мындан тышкары, Жалил Атамбаев 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон этникалар аралык тополоңдон кийин Ош шаарында батирлерди мыйзамсыз алуу ишинде кыйыр түрдө фигурант болгону белгилүү.

Атамбаевдин үйү 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө этникалык кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон жаңжал маалында өрттөлгөн. «Азаттык» үналгысынын маалыматына ылайык, ишкер компенсацияны көбүрөөк алыш үчүн үйүнүн жер тилкесин арткы дата менен төрт жакын тууганына каттаткан. Өз кезегинде алардын ар бири батирлер алышкан.

Жогорку сот 2018-жылы төрт батир мыйзамсыз алынган, андыктан Ош мэриясынын балансына кайтарылып берилиши керек деген чечим кабыл алган. Батирлерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү 2019-жылдын күз айларында гана башталган.