Жеке ишкер Атамбаев «Азаттыктын» журналистинин үстүнөн жазган 50 млн сомдук доосун кайтарып алды

Жалил Атамбаев

Оштук ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу «Клоопко» анын юристи Шумкар Абдыжапаров кабарлады. Ал журналисттен моралдык компенсация иретинде 50 млн сом өндүргүсү келген.

«Бүгүн эртең менен саат 10:30да шаардык сотко барып арызды кайтарып алдым. Анткени, Жалил Атамбаев орозо күнүндө кечиримдүү болоюн деп журналисттин жана эки иликтөөнүн эки каарманынын үстүнөн жазган арызынан баш тартууну чечти», — деди ал.

Ош облустук сотунан «Клоопко» бул маалыматты ырастап беришти. Ал эми журналист Ыдырыс Исаков бул боюнча азырынча кабары жок экенин билдирди.

Атамбаев Исаковду 29-апрелде сотко берген. Исаков өз иликтөөсүндө Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу тууралуу маалыматтарды келтирет. Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Ишкер Исаковдон 50 млн сом талап кылган, мындан тышкары өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөштөрү Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновдон да 5 млн сомдон өндүргүсү келген. Анын бул эки өнөктөшү журналисттик иликтөөдө Атамбаевден үйлөрдүн курулушу үчүн өз үлүштөрүн ала албай келе жатышканын айтышкан.

Исаковду колдоп журналисттер менен Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү чыгышкан. Акыркылары бул жагдайга көңүл буруу чакырыгы менен президент Сооронбай Жээнбековдун атына кайрылуу жолдошкон. Мындан тышкары, журналистти колдоп Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да чыгышкан.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат Исаков айтып өткөн фактылар боюнча кылмыш ишин козгогон.