Финпол Жалил Атамбаевдин ишмердигин текшерип, 40 млн сом салык жашырылганын аныктады

Жалил Атамбаев. «Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот / RFE / RL

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (финпол) басма сөз кызматы маалымдагандай, оштук ишкер Жалил Атамбаевге байланыштуу болгон эки компания жалпы 40 млн сомду түзгөн салыкты жашырган.

Мунай өнүмдөрүн жеткирип берүү менен иштеген Атамбаевдин дагы бир компаниясында салык органынын колдонулбаган пломбалары табылган (алар мунай өнүмдөрү жайгашкан идиштин оозуна орнотулат). Ошондой эле бул компаниядан мунай өнүмдөрүнө болгон коштомо кагаздардын салык кызматынын мөөрү басылган бош бланктары табылган.

Бул факт «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча өзүнчө өндүрүшкө алынды. Салык кызматынын Оштогу күйүүчү майлагыч материалдарды көзөмөлдөө боюнча сектордун жетекчиси кармалды.

Финпол Атамбаевге байланыштуу болгон башка компанияларды текшерүүнү улантып жатат. Атайын кызмат «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүнөн кийин 2019-жылды апрель айында кылмыш ишин козгогон.

Ал өз иликтөөсүндө Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу тууралуу маалыматтарды келтирет. Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Иликтөө жарыялангандан кийин Атамбаев Исаковдон 50 млн сом өндүргүсү келген, бирок журналистти колдоп активисттер жана кээ бир депутаттар чыгышкан. Мындан кийин ишкер өз доосун чакыртып алган.