Бектенов көчөсү эки тилкелүү болот, бирок бул тургундарга жакпай жатат — Вице-мэр

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу 31-мартта өткөн басма сөз жыйында Бектенов көчөсүндөгү реконструкция маселесине комментарий берди.

* Буга чейин Бектенов көчөсүнүн тургундары бир нече ирет жолдун реконструкциясына каршылыгын билдиришкен. Тургундардын айтымында, бул үчүн шаар бийлиги алардын менчик жерлериндеги тосмолорду бузуп, бак-дарактарды кыйып, көчөнү үйлөрдүн дубалдарынын түбүнө чейин жеткире кеңейтүүнү көздөйт.

Сагындык уулу көчөнү реконструкциялоо Ахунбаевден Медеров көчөсүнө чейин уланарын эскертти. Анын айтымында бул кесиндиде болжолдуу 200гө чукул турак-үй жайгашкан, анын ичинен 100 үй «муниципалдык аймактын» чегине кирип кеткен.

«[Тургундардын] баары менен жолугуп, сүйлөштүк. Экспертизадан өткөн жолдун долбоору бар. Бул жол — кварталдар аралык экинчи даражадагы жол болуп саналат, автоунаалар үчүн бир тилке жогору, экинчиси төмөн багыт алат, тротуарлар жана арыктар салынат. Бирок эмнегедир бул долбоор тургундарга жакпай жатат. Азыр бул көчөдө бир гана автоунаа жүрө алат», — деп вице-мэр өз оюн түшүндүрдү.

Тургундар көчө кеңейип калса, транспорттун агымы кескин түрдө өсүп, жол кырсыктары көбөйүп, райондун экологиясы бузулуп кетет деп чочулап жатышат. Анын үстүнө, үй ээлери дарбазадан чыкканда дароо эле унаалар жүрүүчү жолго такалышаарын, көчө кичинекей балдарга да өтө кооптуу болуп калат деп кооптонушууда.

Бектенов көчөсүндө жашагандар алар менен эч ким алдын ала сүйлөшпөгөнүн айтышууда. Мындан тышкары, шаар бийлиги пландалып жаткан жол иштери жөнүндө аларга маалымат берген эмес. Тургундар үчүн бул маалымат күтүлбөгөн жерден чыккан.

Дагы окуңуз: Мэрия Бектенов көчөсүндө бактарды кыйып, тургундардын жерлеринин эсебинен жол кургусу келет

Бектенов көчөсүнүн тургундары көчөнү магистралга айлантууга каршы. Мэрия эмне дейт?