Бектенов көчөсүнүн тургундары көчөнү магистралга айлантууга каршы. Мэрия эмне дейт?

Бишкектин Бектенов көчөсүнүн тургундары көчөнүн реконструкциясына жана Скрябин көчөсү менен кесилиштеги Түштүк ЧЧК аркылуу көпүрөнүн салынышына каршылыгын улантышууда.

Өткөн дем алышта, 6-мартта шаардыктар калаа башчылыгынын өкүлдөрү, анын ичинде жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу менен жолугушту.

Жолугушууда эмне сөз болду?

Вице-мэр шаар тургундары менен жолугушууга 2,5 саат кечигип келип, муну өкмөттө шашылыш кеңешме өткөнү менен түшүндүрдү. Тургундардын айтымында, ал эл менен сүйлөшүп жатканда оройлугун көрсөткөн.

Азамат Сагындык уулу жолугушууда Бишкек мэриясы Кыргызстан менен Кытай ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында 43 көчөдө оңдоо-куруу иштери пландалганын билдирди.

«Эмне үчүн тургундардын көбү жолду кеңейтүүгө макул эмес? Себеби көпчүлүгү өз жерлерин коюлган чектен ашыра кеңейтип алышкан. Бишкекте 1,2 млн киши катталган. Эгер ар бири менен маселени талкуулап отурсак, эч нерсе кыла албайбыз. Мен сиздин агрессияңызды түшүнбөй турам», — деп вице-мэр жолугушууда айтты.

Бектенов көчөсүнүн тургуну Нургүл Койчуманованын айтымында, муниципалитеттин өкүлдөрү шаардыктар менен жолугушуу учурунда көчөнү кеңейтүү долбоорунун планын да, көпүрөнү куруу планын да, башка эч бир документти да көрсөтүшкөн эмес.

«Вице-мэр жолугушуу учурунда жер [дубалдардын алдындагы жер] муниципалитеттики, ал мурда 3 метрге кеңирээк болгон деп айтты, бирок муну тастыктаган эч бир документти көрсөтүшкөн жок. Бирок, 3-мартта өткөн буга чейинки жолугушууда вице-мэр өзү бардык керектүү документтерди алып келип көрсөтүп берем деп айткан болчу», — деп Койчуманова «Клооптун» журналистине айтты.

Койчуманованын айтымында, көчө тургундары менен коомдук угуулар өткөрүлгөн эмес. Анткен менен калаа бийлигинин өкүлдөрү коомдук угуулар өткөрүлгөн деп айтышууда.

Бул тууралуу Бектенов көчөсүнүн дагы бир тургуну, юрист Эрик Ирискулбеков да кеп кылды.

«Жол үй ээлеринин, саны белгисиз адамдардын кызыкчылыктарын козгогондуктан, коомдук угуулар сөзсүз өткөрүлүшү керек. Тургундар жолдун кеңейтилишине каршы, долбоор шаардык курулуш документтерине канчалык ылайык келгени боюнча суроо узатышты. Мен өтүнүч менен тийиштүү органдарга кайрылдым, азырынча жооп жок, бирок, алдын ала алынган маалымат боюнча, шаардын генералдык планында көпүрө жок. Анда булар курулушту кантип баштайын деп жатышат?» — деп ал 6-мартта 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде айткан.

Жолугушууда муниципалитеттин өкүлдөрү Бектенов көчөсүн реконструкциялоо долбоору көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясынын негизинде иштелип чыкканын жана тургундардын арызы боюнча 2015-жылы кабыл алынганын билдиришти. Мына ушул концепциянын негизинде бул көчөнүн архитектуралык-пландоо шарттамасы иштелип чыккан.

2017-жылы долбоор макулдашылган, ал эми 2019-жылы шаар бийлиги мамлекеттик экспертизанын бул көчөдө курулуш иштерин жүргүзүүгө болот деген корутундусун алышкан.

Бирок, Койчуманованын айтымында, Бектенов көчөсүнүн эч бир тургуну көчөдө реконструкциялык иштер жүрүшүнө макулдугун билдирген бир да документке кол койбогонун, ал эми муниципалитеттин өкүлдөрү документтер кабыл алынган күндөрүнөн адашып жатышты.

«“Бишкекжашылчарба” ишканасынан тышкары эч бир муниципалдык ишкана документке кол койгон эмес. Ишкана 135 бакты кыюу боюнча документке кол койгон, бирок бак-дарактардан тышкары ал жакта коммуникациялар да өтөт. “Бишкексууканал” да кол коюш керек. Документке “Түндүкэлектр” да кол коюш керек, себеби [жол иштери жүрүп жатканда] мамылардын баарын башка жакка жылдыруу керек болот. Бирок алардын [мэриянын өкүлдөрүнүн] айтымында, алардын колу керек эмес», — деп Койчуманова айтты.

Койчуманованын айтымында, жолугушуунун жыйынтыгында мэриянын өкүлдөрү жергиликтүү 14 тургун кире турган комиссияны түзөрүн жана коомдук угууларды өткөрүүнү убада кылышты.

«Алар [мэриянын өкүлдөрү] угууларга 2-3 күн калганда бизди чакырышарын айтышты. Бирок алар бул угуулар өткөрүлө турган болжолдуу күндөрүн да айтышкан жок [...] Башында алар курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын май айында баштоого белсенип жатканын айтышкан» — деди ал.

*Материалды жарыялоо учурунда борбор калаанын жетекчилиги «Клоопко» угуулар качан болору тууралуу суроого жооп берген жок.

Мэрия эмне дейт?

Мэрияга караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыровдун айтымында, бул көчөдө магистралдык жол болбойт, бирок эки тилкелүү — түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө карай жол курулат.

«Көчө кеңейтилбейт, ал азыркы учурдагы чек арасынын алкагында реконструкцияланат. Бул жерде бир гана тоскоолдук бар, тургундар муниципалдык жерде өздөрүнүн тосмо дубалдарын жана кошумча тамдарын куруп алышкан, бардыгы 80 объект экен. Азыр ким коюлган чектен ашып кеткенин аныктоо үчүн жарандардын документтери (техникалык паспорттору) текшерилүүдө» — деп ал 9-мартта Kaktus.mediaга билдирди.

Кадыров тургундар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн, эгер алар өз ыктыяры менен муниципалдык жерди бошотуудан баш тартышса, анда мэрия тургундарды сотко берип, мыйзамсыз курулуштардын түрттүрүлүшүн талап кыларын белгиледи.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Мурат Бакушевдин айтымында, бул долбоордо «Чайна Роуд» кытайлык компаниясы башкы жалданмачы болуп саналат. Жолдун реконструкциясына 74 млн сом сарпталат.

Ошондой эле, Бакушев белгилегендей, мэрияда шаардын бардык кызматтары менен макулдашылган долбоордук документтерге жана мамлекеттик экспертизанын корутундусуна ээ.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мэрия Бектенов көчөсүндө бактарды кыйып, тургундардын жерлеринин эсебинен жол кургусу келет