Мусулмандар курултайы кысым жана коркутуулардан улам майдын аягына жылды

Өлкө муфтийин жана Аалымдар кеңешинин VII чакырылышын шайлоо боюнча курултай 29-майга жылдырылды. Мындай чечим чукул жыйын учурунда кабыл алынды.

Аалымдар кеңешинен жылдырууга муфтийлик кызматка каттоо комиссиясынын мүчөлөрүнө белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатканы себеп болгонун белгилешти.

«Чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болду. Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болду», — деп айтылат Аалымдар кеңешинин билдирүүсүндө.

Аалымдар кеңеши курултайды жылдырууга талапкерлердин тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билимин тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү муктаждыгы да себеп экенин айтты.

Комиссия мүчөлөрүн кысымга алуу

Буга чейин, журналист Кубатбек Айбашов 29-мартта Муфтийликке талапкерлерди каттоо комиссиясынын төрагасы Мамасадыр Досболов окуя боюнча опузалар келип жатканына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынан курултайды башка күнгө жылдырууну суранганын жазган.

Досбол уулу өз катында ага белгисиз адамдар чалып, муфтийлик кызматка билими боюнча туура келбесе да Шакир Маматовдун* талапкерлигин жактырууну талап кылганын белгилеген. Ушундай эле талаптар Чүй облусунун казысы тарабынан да айтылган. Ал дагы комиссияга кысым көрсөткөн.

* Шакир Маматов — Оштун мурдагы казысы. Ал 2012-жылы 2010-жылдын июнундагы этностор аралык жаңжалга тиешеси бар деген айып менен кызматынан алынган. Маматов өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

«Ал [Досбол уулу] муфтийликке талапкерлигин койгондорду жана курултайдын делегаттарын экстремисттик уюмдар менен байланыштары бар-жогун текшериш керек деп эсептейт», — деп Айбашовдун билдирүүсүндө айтылат.

Муфтий кантип шайланат?

Муфтийлик кызматка талапкерлердин документтерин атайын комиссия* карайт. Кийин каттоодон өткөн талапкерлер үчүн конкурс уюштурулат, атайын комиссия алардын билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн** текшерет.

*Комиссия тогуз адамдан турат: алардын алтоо — Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, экөөсү — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, дагы бирөө УКМКнын өкүлү.

** Талапкерлерге бир катар талаптар коюлат — мыйзамдарды жана Конституциянын беренелерин билүү, демократиянын принциптерин түшүнүү. Алар салттуу исламды кармангандар, атап айтканда ханафит мазхабын билген, муфтиятта бери дегенде үч жыл иштеген, ошондой эле эки жогорку билимге ээ болгон — жогорку диний жана светтик жогорку билимдүү — адамдар болууга тийиш.

Андан соң эң жогорку балл алган үч талапкердин документи Дин иштери боюнча мамкомиссияга жана президенттик аппараттын тийиштүү бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал жактан талапкерлердин өздүк документтери жана радикалдуу диний агымдарга тиешеси бар-жогу текшерилет.

Оң тыянак алган талапкерлер Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн комиссиянын кароосуна сунушталышат.

Талапкер Аалымдар кеңеши менен маектешүүдөн өтүшү керек. Кеңеш шайлоо ыкмасы менен бир талапкерди тандайт. Сынактан өтпөгөн талапкерлер мындан аркы иш-аракеттерден четтетилишет. Каттоодон маектешүүгө чейин болжол менен бир ай өтөт.

Аалымдар кеңеши тандаган талапкер республиканын бардык облустарынан келген 200-250 делегат катышкан курултайда өзүн тааныштырат. Чогулган делегаттардын эң көп добушун алган талапкер муфтий болуп шайланат.

Муфтий болуу үчүн жалпы сегиз талапкер арыз тапшырган. Муфтийден тышкары, курултайда Аалымдар кеңешинин VII чакырылыштагы мүчөлөрү да шайланат. 75 диний ишмер арыздарын беришкен, жалпысынан Кеңешке 21 адам мүчөлүк кылат. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү менен муфтий төрт жылга шайланышат.

Өлкөнүн мурдагы муфтийи Максат Токтомушев КМДБдагы финансылык махинациялардын шартында 10-февралда отставкага кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, муфтияттын жетекчилиги ажылык сапарга барчулардын акчасын финансылык компанияларга берип, ай сайын ал акчадан пайыздык пайда алып турган.