Кыргызстандын муфтийи болууга сегиз киши арыз берди

Кыргызстандын муфтийи болууга арыз берген талапкерлер

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши муфтийлик орунга арыздарды кабыл алууну 17-мартта аяктады. Ага ылайык, муфтий болуу үчүн жалпы сегиз талапкер арыз тапшырган.

Алар:

1. Нурбек Токтогулов;

2. Сайдамир Жээналиев;

3. Султанали Гапуров;

4. Убайдулла Сарыбаев;

5. Шүкүр Исмаилов;

6. Шакир Маматов;

7. Нематилла Жээнбеков;

8. Ниязали Арипов.

Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган. Ага ылайык, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырып, ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 киши арыз берген.

«Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү», — деп Аалымдар кеңешинен билдиришти.

Муфтияттагы ызы-чуу

Буга чейин 10-февралда, муфтияттын башкы эсепчиси УКМК тарабынан кармалгандан кийин Максат Токтомушев муфтийликтен кетүү үчүн арызын жазган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу УКМК өкүлдөрүнө 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган».

Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экенине далилдер алынды», — деп билдиришкен УКМКдан.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырган.