Пара чуусунун шартында муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү арызын жазды

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев кызматынан баш тартуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу дин башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин Токтомушев АКИpress басылмасына маек куруп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына карабай аны кызматынан мыйзамсыз бошотууга аракет кылып жатышканын айтып берген болчу.

Ошондой эле, Токтомушев аны «арам ойлуулар» кызматтан алгысы келип жатканын белгилеген. Ал буга Аалымдар кеңешиндегилер, мурдагы муфтийлер жана «айрым мамлекеттик аткаминерлер» кызыктар деп эсептейт.

10-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине «пара берип» жатканда кармалгандыгы маалым болду.

Маалыматка ылайык, дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу атайын кызматтын өкүлдөрүнө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара» сунуштаган.

Ал эми муфтият башкы эсепчи боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берерин убадалады.

Аталган факт «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Максат Токтомушев деген ким?

Максат Токтомушев Кыргызстандын муфтийи болуп 2014-жылдан бери иштеп келет.

Ал Ош облусунун Кара-Кулжа айылында 1973-жылы туулган. 1995-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, кесиби боюнча «зооинженер».

Андан соң диний билим алуу үчүн Пакистанга барып, 2003-жылга чейин «Аль-Арабия» университетинде ханафий мазхабын үйрөнгөн — Токтомушев араб жана урду тилдерин билет.

Кайтып келгенден кийин 2005-жылдан 2013-жылга чейин «Абдулла ибн Масуд» медресесинде окутуучу болгон. 2010-жылы дагы бир кесипке ээ болгон: Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча дипломго ээ. Буга катарлаш 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкектин 7-кичи районундагы мечитте имам, 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалаган.

2013-жылдын июль айынан 2014-жылдын январына чейин Токтомушев муфтийдин орун басары болгон. Андан соң Мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына дайындалган. 2017-жылы ушул эле кызматка кайра дайындалган. Кыргызстандын муфтийинин жети баласы бар — беш уул жана эки кыз.

Тема боюнча:

«Президенттин атын жамынышууда». Муфтий аны кызматтан алуу аракети болуп жатканын айтты

«100 миң доллар». УКМК муфтияттын бухгалтерин «пара берип жаткан» учурда кармады