ТИМ өкүлүнүн өлүмү. Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчилери жана медайымы кызматтан четтетилди

Сүрөт: АКИпресс

ТИМдин өкүлү Бахтияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, башкы дарыгеры, кулак жана мурун бөлүмүнүн башчысы жана медайымы кызматтан убактылуу четтетилди.

Саламаттыктык сактоо министрлигинен (ССМ) билдиришкендей, 1-апрелде Шакировдун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү комиссиясы түзүлгөн. Иликтөөнүн жыйнтыгында күнөөлүүлөргө карата тийиштүү чара колдонулат.

Мындан эки күн мурун Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болгон. Ал 38 жашта болчу.

Шакиров каза болоор алдында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гайморитке каршы антибиотик алган. Бул тууралуу «Кактус Медиа» басылмасына борбордо маркумга ийне сайган медайым айтып берген.

Медайымдын айтымында, Шакиров жумуш убактысынын аягында ага телефон аркылуу байланышып, тез арада ийне алышы керектигин айткан. Ал борборго 1-апрелге караган түнү келип, өзү менен кошо врачтын гайморитке каршы жазып бергени боюнча дарыларды ала келген. Ошондой эле, маркум бул дарыларды буга чейин алып жүргөндүгүн айткан.

Медайым алгач дары тамчылатма коюп, андан кийин антибиотик кошкон. Анын айтымында, антибиотик жарымдап калганда Шакиров өзүн начар сезген. Ага дексаметазон сайып, жандандыруу иш-чаралары жүргүзүлгөнүнө карабай Шакиров каза болуп калган.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысованын айтымында, Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан «Цефтриаксон» антибиотикти алгандан кийин, анда аллергиялык реакция пайда болгон.

Шакиров коронавируска каршы эмделген эмес

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова фейсбук баракчасына Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумгандыгын жазган. Ал эми министрликтен бул маалыматты төгүндөшкөн.

Кийинчерек Баялинова кайрадан видеокайрылуу аркылуу эмоцияга алдырып маалыматты тактабай таратканын билдирди.

«Оор күн болгон. Мен каза болгон адамдын туугандарынын маалыматын аягына чейин текшербей, фейсбука жазып жибергеними мойнума алам. Бул нерсе Кытай менен Кыргызстандын кошуналык мамилесине да таасир этээрин аңдап турам. Кандай болгон күндө да медициналык кийгилишүүдөн кийин бул дүйнө менен дагы бир адам кош айтышты», — деп айткан ал кайрылуусунда.

Ошол эле күнү Кытай элчилиги «Шакиров вакцина алгандан кийин каза болду» деген маалыматка жооп катары расмий билдирүү тараткан.

«Кээ бир адамдардын мындай фейк маалымат таратып жаткандыгы Кытай менен Кыргызстандын достугуна гана кедергисин тийгизбей, маркумга карата да акаараттык болуп эсептелет», — деп жазылат билдирүүдө.

19-мартта Кыргызстанга кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Кытай вакцина 75 миң адамга каралган. Он күндөн соң өлкөдө COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган.

Тема боюнча:

ССМ: ТИМдин каза болгон өкүлү коронавируска каршы эмделген эмес