ССМ: ТИМдин каза болгон өкүлү коронавируска каршы эмделген эмес

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров 1-апрелде каза болду. Ал 38 жашта болчу.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» Шакиров каза болоор астында коронавируска каршы эмдөө алган эмес деп билдиришти. Маалыматка ылайык, маркумдун аты-жөнү эмделгендердин тизмесинде жок болуп чыккан.

Ошондой эле, министрлик соттук-медициналык экпертизага таянып сөөккө сырттан кароо учурда, маркумдун колунда эмдөөнүн белгилери болгон эмес деп маалымдады. Ал эми эксперттердин соңку жыйынтыгы 14 күндөн кийин белгилүү болоорун белгилешти.

«COVID-19га каршы эмдөө планы боюнча биринчилерден болуп медиктер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мугалимдер, окутуучулар жана соцкызматкерлер алышы керек. Ал эми биринчи этапта ТИМ кызматкерлерин эмдөө каралган эмес», — деп билдиришти ССМден.

Министрликтен такталбаган маалыматты жайылтпоого чакырышты.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова фейсбук баракчасына Шакировдун жакындарына таянып, коронавируска каршы SinoPharm вакцинасын биринчилерден болуп алгандыгын жазган.

«Ал Москвага курска бара жаткандыктан сактануу максатында вакцина алган. Менин оюмча ССМ объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, коомго ачыктоосу керек», — деп билдирген Баялинова.

Коронавируска каршы эмдөө

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова 18-марттагы басма сөз жыйынында Кыргызстанга кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келе турганын билдирген. Кытай вакцина 75 миң адамга каралган.

Ошондой эле, эмдөө процесси алгач Бишкек, Ош жана Кант шаарларында, Чүй облусунун Ысык-Ата району жана Сокулук айылында баштала турганын маалымдашкан. Вакцинаны биринчилерден болуп медициналык кызматкерлер, мугалимдер, жашы улгайгандар жана өнөкөт оорулары бар адамдар алышаары пландалган. Мындан сырткары, катардагы жарандар милдеттүү түрдө эмделбей турганын, каалагандар гана өтөөрү кошумчаланган.

29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Вакцинаны биринчилерден болуп Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган. Биринчи этапта элге Кытайдын SinoPharm вакцинасы сайыла баштаган.

«Эгер вакцинадан кийин кандайдыр бир кыйыр реакция боло турган болсо анда жоопкерчиликти министр катары мен жана Саламаттык сактоо министрлиги алат», — деп айткан Бейшаналиев.

Тема боюнча:

COVID-19: Кыргызстанга Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет

Кытайдын вакцинасы менен эмдөө апрелде башталат

«Ийнеден корком». Министр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчи болуп эмделди