Кемпир-Абад. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / Kloop.kg

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков 3-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн 50дөй тургуну менен Кемпир-Абад суу сактагычында жолугушту. Ынтымак айылынын жашоочулары Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде жайгашкан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы экенин билдиришти.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинанын башынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Жергиликтүү тургундар, коңшу өлкөгө берилет деген 50 гектар жердин стратегиялык мааниси зор деп эсептешет. Алардын айтымында, жер берилип кетсе Кыргызстан суунун «рычагын алдырып», ага ээлик кыла албай калат. Анткени аталган жерде плотинанын бир учу жайгашкан.

Исаков жашоочулар менен болгон жолугушуудан тартылган видеону ютуб каналына жарыялады. «Клооп» жашоочулардын пикирлерин жана талаптарын баяндап берет.

«Ташиев биздин пикирди эске албай эле жерди берип койгонуна нааразыбыз»

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өзбек тарап алгач Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жер сураганын айткан. Бирок суу сактагычта чек ара заставасы жайгашкандыктан, 50 гектар жерди берүү боюнча токтомго кол койгон.

«Биз бул жердин [Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасын колу менен көрсөтүп — ред.] берилишине каршыбыз. Ташиевди сыйлайбыз, бирок жергиликтүү тургундардын ой-пикирин эске албай эле жерди берип койгонуна нааразыбыз. Ата-бабаларыбыздын жерин небере-чеберелерге өткөрүп беришибиз керек», — дейт чогулгандардын бири Мамат Жолдошов.

Ал эми дагы бир тургун Фархад Абиловдун айтымында, Өзбекстан сурап жаткан аймактын ичинде кыргыз тарапка таандык асфальт жол бар. Анын пикиринде коңшу өлкө жолду «суу сактагычты оңдоп-түзөө үчүн керек» деген «шылтоо» менен сурап жатат. Бирок коңшу өлкө жолго муктаж эмес, анткени плотинанын үстү менен өтчү Өзбекстанга таандык жол бар дейт.

«Плотинадан бер жагы Кыргызстанга карайт. Өзүңөр көрүп турганыңардай бул жер бийик, “вышка” деп коёбуз, бул жакка чыкканда баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Эгер биз бул жакты алдырып коё турган болсок, Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын, суу жаткан чашаны, бул жакта жаткан суунун рычагдарын да толук кандуу контролдогонго мүмкүнчүлүк алат», — дейт Абилов.

Мындан сырткары, Абилов талашка түшкөн 50 гектар жерди Өзбекстандын башка жери менен алмашууга да каршы экендигин кошумчалады.

Ташиев суунун деңгээли түшүрүлгөндөн кийин бош калган жерлер Кыргызстанга өтөөрүн айткан. Абиловдун айтымында, ал жерлердин кыргыз тарапка өткөнүнөн пайда жок.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар Кыргызстан менен Өзбекстанды бөлүп турган Шаркан-Сай каналы да толук Өзбекстанга өтүп кетиши мүмкүн деп тынчсызданышат. Анткени жашоочулар каналдан мал суугарып, коңшу өлкөгө өтөт деген аймакты жайыт катары пайдаланышат.

«Шаркан-Сайдын бул тарабында мал багып жүргөндөр [колу менен көрсөтүп — ред.] менин балдарым, мына ушул ушул бойдон калышы керек. Өзбек тарап эч качан бул жээкке карап өтпөшү керек. Эгер каналдын жеринен бир карыш эле жер бере турган болсок, анда алар жылып-жылып отуруп, акыры үлүш жерлерди да алышат», — деп кейиди Абилов.

«Чек ара үчүн жашап жатабыз»

Ынтымак айылынын тургуну Санжар Эргешовдун үйү чек арага жакын жайгашкан. Ал айылда 80 жылдан бери жашаганын айтат.

«Биз ушул чек ара деп эле турабыз, анткени бизде дыйканчылык деле болбойт. 1000ге жакын түтүн чек ара үчүн жашап атабыз», — дейт Эргешов.

Өзбекстанда эки өлкө тарабынан кабыл алынган токтомдорду парламент ратификациялашы керек. Андан кийин президент Садыр Жапаровго кол коюуга жиберилет.

Чогулгандар Ташиевге кайрылуу жасап, токтомду артка чакыртууну талап кылышты. Ошондой эле, депутаттар токтомду бекитпейт деп ишеним артаарын белгилешти.

Ал эми журналист Исаковдун «эгер депутаттар токтомду колдоп беришсе, анда силер тараптан кандай кадамдар болот?» деген суроосуна, «жер бергиче жан бер дейт» деген жооп кайтарышты.

«Эгер болбой эле депутаттар берип коё турган болсо, анда биз жөн жатпайбыз, анда согушууга туура келет. Жер бергиче жан бер дейт. Мен 60ка чыктым, эми мен такыр бербейм жеримди. Бийлик берсе да, мен бербейм. Биз мал менен жашайбыз. Азыр ушул жайытыбызды берип койгону турат. 5 сотых жер ала албай жатсак, булар 50 гектар жерди берип жатышат», — дейт чогулгандардын бири.

«50 гектар жердин чекиттери аныктала элек»

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын директору Руслан Шерматовдун айтымында, СССР убагында салынган асфальт жол Өзбекстанга берилбейт. Ошондой эле, демаркация иштери аяктаганга чейин кайсыл бир жерди берилди деп айтуу туура эмес.

Мындан сырткары, ал Кыргызстан менен Өзбекстан бир нече такталбаган аймактар боюнча сүйлөшүүлөрдү [Кемпир-Абад суу сактагычы, Таша-Кор айылы, Орто-Токой суу сактагычы ж.б.] бир токтомго киргизип кол койгондуктан, аны бузууга болбойт.

«Ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы же пайдасы болбосо жөндөн-жөн эле бербейт да бир жерди. Кандайдыр бир жерден позициябызды алдырып жаткандырбыз, дагы кайсыл бир жерден биз алып жаткандырбыз, ошого бул маселени жалпы жонунан кароо керек. Мамлекет үчүн кандай пайда келип жатканы боюнча ой жүгүртүүгө чакырам», — деп түшүндүрдү Шерматов.

Ал эми Кара-Суу райондук администрациянын бөлүм башчысы Деңиз Назаралиев 50 гектар жердин чекиттердин аныктоодо тургундардын да пикири эске алынат деп ишендирди.

«Госкартографиядан келип чекиттер аныкталгандан кийин кайсыл жер бериле тургандыгы чечилет деп жатышат. Бирок биз жергиликтүүлөрдүн талабын угуп, токтом кылып, бийликке жеткиребиз. Чекиттерди аныктап жатканда да жергиликтүү тургундарды чогултуп, баарына көрсөтүп анан белгиленет», — деди Назаралиев.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин билдирген. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Тема боюнча: