Ташиев Ташкентте чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөргө катышууда

Өзбекстандын Ташкент шаарында 24-мартта кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды.

Жыйынга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышып жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө чек аранын калган тилкелерин тактоо маселеси талкууланат.

Ташиев Өзбекстанга өкмөттүн делегациясын жетектеп 22-мартта учуп кеткен. Ал Ташкентте чек ара маселелери боюнча 24-25-март күндөрү болот.

Буга чейин, 12 мартта, президент Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барган. Анда ал «чек ара маселеси 3 ай аралыгында чечилет» деп билдирген болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 314 километрди түзөт — анын 1 170сы такталган болуп эсептелет. Ал эми 976 километр кыргыз-тажик чек арасынын 519унда гана делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү тактала элек.

Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.