Марипов: Ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш

Премьер-министр Улукбек Марипов

Премьер-министр Улукбек Марипов Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча үн катты. Марипов кызды ала качуу менен никеге мажбурлап тургузуу — кылмыш деп белгиледи.

«Биз баарыбыз жапа тырмак аракет кылганда гана аялдардын укугунун тебеленишине каршы тура алабыз. Ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш. Биз муну өлкөдөгү ар бир инсанга жеткирүүгө милдеттүүбүз», — деп жазды Марипов.

Ошондой эле, Айзада менен болгон трагедияны инсан, ата жана эркек катары кайгыруу менен кабыл алгынын билдирди. Мындан сырткары, маркум кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кылмышкерлер катаал жаза алышат деп белгиледи.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекова 5-апрелде Бишкек шаарында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер тарабынан уурдалган. Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Ошол эле күнү анын апасы милицияга кайрылып, уурдагандарды таап, чара көрүүнү талап кылган.

Аталган факт КЖБРге «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен издөө иш-чараларын баштаган.

Эки күндөн кийин Аламүдүн районундагы талаадан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасы табылган. Милицияга унаанын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалыматты жергиликтүү койчу кабарлаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Шектүү Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Кийинчерек Канатбекованы уурдоого катышкандардын бири кармалган. Милиция тарабынан калган эки шектүүнүн да аты-жөнү аныкталып, учурда издөө иш-чарасын улантылып жатат.

Тема боюнча:

Айзада Канатбекованы уурдагандардын бири кармалды, калган экөөнүн аты-жөнү аныкталды