Айзада Канатбекованы уурдагандардын бири кармалды, калган экөөнүн аты-жөнү аныкталды

Кармалган шектүүлөрдүн бири. Сүрөт: Бишкек ШИИБи

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандардын бири кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай, 28 жаштагы шектүү 7-апрелде убактылуу кармоо жайына киргизилди. Милиция калган эки шектүүнүн да аты-жөнүн такталганын маалымдап, издөө иш-чарасын улантып жатканын билдиришти.

Айзада качан жана кантип уурдалган?

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 5-апрелде Айзада Канатбекованын апасы арыз менен кайрылган. Анда 27 жаштагы кызын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер никеге мажбурлап тургузуу үчүн «Хонда Цивик» унаасында уурдап кетишкенин жазган. Эне уурдагандарды таап, чара көрүүнү талап кылган.

Аталган факт КЖБРге катталып «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Унаа тууралуу маалымат аймактык бөлүмчөлөргө жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жиберилген.

Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Анда кыздын жанына белгисиз киши келет, андан кийин дагы эки киши кошулуп аны мажбурлап Honda үлгүсүндөгү унаага салышат. Экөө ошол унаага отурат, калган бирөө такси кызматынын чашкасы бар унаага отуруп кетишет.

Кыздын агасы 24.kg басылмасына карындашы акыркы жолу байланышка 18:00 чыкканын, андан кийин байланыш үзүлгөнүн кабарлаган. Буга чейин анын тынчын 30 жаштагы киши алып жүргөнүн билдирген.

Милиционерлер аны кантип издеген?

Издөө иш-чараларынын натыйжасында унаанын ээси табылган. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну болуп чыккан. Бирок ал унааны башка бир жаранга ижарага берерин айткан. Ал эми ижарага алган киши машинаны агасы алып жүргүнчү ташып иштейт деп маалымдаган. Айзада Канатбекованы дал ушул киши башка жарандар менен кошо уурдаганы аныкталган.

Ошол эле күнү милиция тарабынан «Хонда Цивик» унаанын «Ак-Өргө» конушунда батыш тарапты көздөй баратканы тууралуу маалымат алынган. Сосновка айылына кошумча милиция кызматкерлери коюлуп, шектүүлөр Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча изделе баштаган.

5-апрель күнү кечки саат 19:00 чамасында апасы кызы менен сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда Канатбекова апасын тынчтандырып, үйгө келээрин айткан. Бирок кызы келген эмес. Ал эми Канатбекованын телефону апасы менен сүйлөшкөндөн кийин өчүк болгон.

Маалыматка ылайык, Канатбекова жана аны уурдаган киши мындан төрт ай мурун таанышышкан. Күбөлөрдүн айтымында, маркум тааныштарына Канатбекова тууралуу көп айтчу жана ага үйлөнүүнү пландап жаткан.

Милициядан кызды издөө иштери «бир мүнөткө да токтогон эмес» деп ишендиришти.

Айзаданын сөөгү кантип табылды?

Бишкек ШИИБден Айзада Канатбекованын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылганын билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыкканын, шектүү Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Аламүдүн РИИБиге 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

«Жергиликтүү койчу аталган унааны 5-6-апрелде байкаганын айтты, бирок баткакка тыгылып калган деп ойлоп көңүл бурган эмес. 7-апрелде унаага жакын барганда аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп дароо милицияга кабар берген», — деп билдиришти Бишкек ШИИБден.