Ош: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Ыйман Нуру» алдыда

ОШ

саат 22:30га алынган маалымат

Ош шаарында 11-апрель саат 21:30га карата АСУдан алынган маалымат боюнча үч партия 7 пайыздык шайлоо босогосунан өттү. Алдыда «Ата-Журт Кыргызстан». Ал добуш берген шайлоочулардын 49%дан жогору добушуна ээ болгон. «Улуттар Биримдиги» — 19%дан ашты жана «Ыйман Нуру» — 8%дан ашык добуш алды.

11-апрелде Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өттү. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7560 депутатты шайлашты. Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда болуп өттү. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

Кыргызстан боюнча шаардык кеңештерге болгон шайлоодо кайсы партиялар канча добуш алганын «Клооптун» материалынан окуңуз.

«Клооптун» 2894 байкоочусу бүткүл өлкө боюнча мыйзам бузууларды жана адаттан тыш окуяларды каттап жатышат. 11-апрель саат 21:00гө карата алар 830 мыйзам бузууну катташты.