БШК Орок айылдык кеңешке өткөн аялдарга басым кылууну токтотууну талап кылды

Сүрөт: Касым Рахманкулов / «Азаттык»

Борбордук шайлоо комиссиясы Сокулук районуна караштуу Орок айылдык кеңешине өтпөй калган эркек талапкерлерден аялдардын шайлоо укуктарына тоскоол жаратпоону талап кылды. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Орок айылдык кеңештеги 21 мандаттын тогузун аялдар ээлеген.

*2019-жылдын август айында шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, жергиликтүү кеңештерде 30%дык гендердик квота кабыл алынган. Демек, шаардык же айылдык кеңеште 70%дан көбү бир жыныстын өкүлдөрү болбошу керек.

Эмне болгон?

11-апрелде Сокулук районундагы №7604 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, алдын ала жыйынтыктар чыга баштаганда бир нече киши наарызылык билдире баштаган. Кийинчерээк алардын Орок айылдык кеңешине талапкер болгону аныкталды.

Эркек талапкерлер айылдык кеңешке алардан кем добуш алган эки аял өтүп кеткенине нааразы болуп, аларды тизмеден чыгарып салууну талап кылышкан.

«Булар [эркек талапкерлер] өттү да, булардын орундарын аялдарга берип салыптыр, болбойт андай. Азыр чоң ызы-чуу болот [...] Эки аялдын көтүнө тебиш керек. Алар биздин аялдар эмес, бияктын [башка жактын] келиндери», — деди чогулгандардын бири.

Милиционерлер 30%дык квота тууралуу түшүндүрүүгө аракет кылышты. Бирок өтпөй калган талапкерлердин тарапташтары аялдарга добуш бергендерди таап, добуштарынан баш тарттыра тургандыгын билдиришти.

Ошондой эле, алар айылдык кеңешке өткөн аялдардын күйөөлөрүнө кайрылып, алар «юбканын алдында жүргөнүн» айтышты.

«Нурбек байке каякта жүрөт? Нурбек байке, блин, жеңешага айтып койбойсуңбу, кичине тынчытыпчы. Уялсында кичине. Бүт баары юбканын алдында жүрүшөт. Мына аялын тыя албагандар, эркекче, юбканын алдында жүрөт мына. Кыйын болсоңор токтоткула аялыңарды. Үйдөн бир үй-бүлөнү башкара алышпайт анан бул жака чыгып алышат», — деди талапкер делгендердин бири.

БШКнын маалыматына ылайык, Орок айылдык кеңешине жалпы 67 талапкер катталган — алардын 24ү аялдар. Шайлоонун эртеси күнү Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы териштирүүнү баштап, участкалык комиссиянын төрагасы менен окуяга тийиштүү кишилердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул сыяктуу окуя 2019-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында да катталган. Анда депутаттыкка аттанган эркектер аялдардын квотасынын сакталышына каршы чыгып, муну «жигиттик укугубузду бузуу» деп айтып чыгышкан. Буга карабастан айылдык кеңеште гендердик квота сакталып, кийинчерээк аталган Саруу айылдык кеңешинде Айнура Оморова төрайым болгон.

Аялдар өлкөнүн калкынын жалпы санынын 52 пайызын түзөт, бирок айылдык кеңештердин депутаттарынан 9 пайызы гана аял. Ал эми 11-апрелдеги шайлоодо 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланат — бул орундардын 2 943ү аялдар үчүн каралган.

Жалпысынан өлкө боюнча айылдык кеңештерде депутат болууга ниетин 18 772 талапкер билдирген, алардын ичинде 5 300 аял бар.