Саруу айылдык кеңешин аял жетектемей болду — мурда айыл эркектери аялдар квотасына каршы чыгышкан

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-октябрда Саруу айылдык кеңешинин төрайымы болуп Айнура Оморова шайланганын, ага 21 адамдын ичинен 12 адам добуш бергенин кабарлады.

Саруу айылында 22-сентябрда жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өткөн. Бул шайлоо коомдук резонанс жараткан. Депутаттыкка аттанган эркектер аялдар квотасынын сакталышына каршы чыгышып, муну «жигиттик укугубузду бузуу» деп айтып чыгышкан.

Атүгүл алар өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун атына, Жогорку Кеңешке жана БШКга квотанын сакталышын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кат жазып кайрылышкан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Саруудагы шайлоодо биринчилерден болуп аялдар үчүн мандаттардын 30% кем эмесин бекиткен жаңы мыйзам колдонулган.