«Жигиттик укугубуз эске алынган эмес»: Жергиликтүү кеңешке талапкерлер аялдарга берилген квотага каршы чыгышты

Ысык-Көл облусунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 70ге чукул эркек талапкери президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комитетине кайрылып, жергиликтүү кеңештердеги мандаттын 30% аялдарга берилсин деген мыйзамга арызданышты.

В селе Саруу мужчины депутаты не могут поделить места с коллежанками.

Posted by Burul Ai on Friday, September 20, 2019

Эркек талапкерлер гендердик квота — алардын «жигиттик укуктарын эске албаганын», аялдар менен эркектердин ортосунда жаңжалдын чыгышына алып келерин жана «элдин мамлекетке жана өлкөнүн мыйзамдарына ишеним» кетирээрин айтышты.

«Ар бир шайлоо округунан үчтөн аял добушка ээ болбосо дагы тоскоолдуксуз депутат болушу биздин жарандык, жигиттик укугубузду эске албаганы, ошондой эле аялдын жана эркектин ортосуна жаңжал чыгышына алып келүүдө», — деп жазышты алар.

Эркек талапкерлер эгер алардын кайрылуусу чечилбей кала турган болсо, жергиликтүү кеңешти 22-сентябрда өтө турчу шайлоону өтпөй калат деп коркутушту.

Аялдар үчүн 30% квота каралган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков бир ай мурун кол койгон.

Соңку үч жылдан бери бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Учурда өлкө боюнча 8700 эл өкүлүнүн ичинде алардын саны миңге бир аз жетпейт.

ТЕМА БОЮНЧА: