«Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү Бишкектин дээрлик бардык шайлоо участкаларында чоң мыйзам бузууну тапканын жарыялашты.
Мында жергиликтүү кеңештин депутаттарына добуш берүү үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулар менен референдумга келген шайлоочулардын санындагы айырма жөнүндө кеп болуп жатат.
Партияда эмне деп жатышат?
БШКнын сайтында жарыяланган УШКлардын маалыматына ылайык, көрсө, Бишкекте референдумга жергиликтүү кеңештин шайлоосуна караганда көп адам келген. Бирок андай болушу мүмкүн эмес: адамдар идентификациядан бир эле жолу өтүшкөн жана шайлоочулардын саны ар башка болушу мүмкүн эмес.
«11-апрелде биз бир жолку идентификациядан өткөнбүз: референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо. Демек, референдумга идентификациядан өткөндөр менен жергиликтүү кеңештерди шайлоого идентификациядан өткөндөрдүн саны бирдей болушу керек эле. Андан ары, биз дүмүрчөктү бюллетенге алмаштырабыз же алмаштырбайбыз. Бул жерде албетте айырмачылык болот, анткени айрымдар бюллетень алышты, кээси референдумга катышуудан баш тартты. Бирок, Бишкектеги АШКлардын дээрлик бардыгында референдум үчүн идентификациядан өткөндөрдүн саны, жергиликтүү кеңешке добуш бергендерден көп болуп жатат», — деп белгиледи «Реформанын» мүчөсү Ольга Труханова.
Айрым участкаларда мындай мыйзам бузуу болгон эмес.
Мындай мыйзам бузуу дароо эле табылган жок — БШК шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө документтерди текшерүүдөн кийин жарыялоону кечиктирип койду.
«Референдум жөнүндө» мыйзамга ылайык, шайлоо жыйынтыктары жөнүндө протокол, референдумдун катышуучулары жөнүндө алгачкы жана жыйынтыктоочу дүмүрчөктөр мөөр менен басылып, андан кийин БШКнын серверине жиберилет, бирок 11-апрелде алар жарыяланган эмес*.
*АСУлар колдонулган 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо да добуш берүүлөрдүн протоколдорун жарыялоодо кечиктирүүлөр болгон эмес.
Буга байланыштуу «Реформа» партиясынын жетекчиси жана Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулова БШКга ачык кайрылуу жолдогон. Анын айтымында, шайлоо жана референдум боюнча отчётторду жарыялоону кечиктирүү анын жыйынтыктары бурмаланды деген шек жаратат.
Ошондой эле, кийин Сооронкулова БШК мүчөлөрүнүн колу окшоштуруп коюлушу мүмкүн болгон документтерди таап алган.
Азыр партия бул маселе боюнча арыздарды даярдап жатат. Буга чейин «Реформа» Бишкек шаардык кеңешин шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.
Бишкек АШКсы эмне дейт?
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, шайлоочулардын санындагы дал келбестик «Бишкек шаардык кеңешти шайлоо менен референдумга катышуучулардын тизмесиндеги айырмачылыктарга» байланыштуу. Ал тизмелерге байланышкан окуяларды «Апрель» басылмасына түшүндүрүп берген жана «паникага алдырбоого» чакырган.
«Бишкек шаардык кеңешинде [шайлоо тизмесинде] шаарда каттоосу болгон шайлоочулар гана болгон. Өлкө тышында мигранттар жана башка жарандар үчүн №2 форма калган. Референдум боюнча бизде өлкө тышында 58 000 шайлоочубуз бар. Мамлекеттик каттоо кызматы бул шайлоочуларды референдум боюнча өлкө ичиндеги шайлоочулардын тизмесинен чыгарып, өлкө тышындагы шайлоо участкаларына каттаган (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлай алышпайт), ошондуктан тизмелер айырмаланат. Мыйзамга ылайык Бишкек шаарында референдум боюнча тизмеге өзгөчө категориядагы жарандар (аскерлер, оорулуулар, ж.б.) да кирген. Өтүнүч, паникага алдырбагыла», — деди ал.
* Балким Кайрат Маматов референдумда Бишкекте каттоосу жок жарандар добуш берип кеткен болушу мүмкүн деп айткан. Бирок шайлоочуга участогун алмаштырууга жол берген форма №2 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин жокко чыгарылган.
Форма №2 2011-жылы президенттик шайлоо учурунда кирген, анткени өлкөдө ички мигранттардын саны абдан көп. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо белгилүү бир аймакта кайсыл бир партия көп добуш алуу үчүн дал ушул форма №2ни пайдаланылып, добуштар сатылып алынган.
ЖМКларда шайлоо башталып аягына чыкканга чейин форма №2 аркылуу жарандардын добушу сатылып алынып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. Ал убакта күбөлөр жана ЖМКлар үч бийликчил партия — «Биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстандын» мүчөлөрү тарабынан болгон массалык мыйзам бузууларды каттоого алышкан.
Массалык мыйзам бузуу болуп атканын БШКнын экс-мүчөсү Атыр Абдрахматова да айтып чыккан. Ал журналисттер менен Бишкектеги аномалдуу участокторду кыдырган. Мындай участоктордо форма №2 аркылуу каттоого тургузуу бул участокто катталган шайлоочулардын санынан жогору боло алган.
Ошол кезде президенттин милдетин аткарган, премьер-министр Садыр Жапаров «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койгон. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнүн аймагында №2 формасы жокко чыгарылды.
Эми №2 форманы Кыргызстандан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана бере алышат. Мындан кийин, Боршайкомдун айрым мүчөлөрү билдиришкендей, №2 формасы жок кылынгандыктан, кезексиз президенттик шайлоодо 200 миң кыргызстандык добуш бере албай калган. №2 формасын жоюу кыргызстандыктарды каттоого турган жери боюнча эмес, учурда жашаган жери боюнча добуш берүү конституциялык укугунан ажыраткан.
Бишкек АШКсы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы кол менен саналгандан кийин гана аныкталарын эске салган өзүнчө билдирүү таратты. Байкоочулар менен шайлоочулардын доо арызынын негизинде шаардагы сегиз участкадагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Ал жакта башка да арыздарды кабыл алууга даяр, бирок бүгүнкү күндүн аягына чейин гана — мыйзам боюнча арыздар үч күндүн ичинде кабыл алынат. Ошол эле учурда БШК эмдигиче протоколдордун бардыгын жарыялай элек. Бул эгерде жарыяланган протоколдордо бузуулар табылса, анда шайлоо комиссиясы аларды убагы өтүп кеткендиктен кароого албайт дегенди түшүндүрөт.
«Ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан каралып жаткан мыйзам бузуу фактылары боюнча жумуш улана турганын билдиребиз. Компетенттүү органдардын корутундусу боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп Бишкек АШКсы убада берген.
Шайлоо жана референдумдагы бузуулар
Боршойком берген алдын ала берген маалыматтар боюнча, 11-апрелде өткөн референдумда шайлоочулардын 37,10%ы катышкан. Мында Конституциянын жаңы долбооруна «макул» болгондор 78,37%, «каршы» болгондор 14,25%ды түзгөн. Калган 7,38% бюллетендер жараксыз деп табылган.
Жергиликтүү кеңеш менен бир күндө өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда ар башка уюмдардын байкоочулары мыйзам бузууларды катташкан. Мисалы, «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары 11-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында 100дөн ашуун бузууну катташкан.
«Клооптун» байкоочулары да добуш берүү күнү шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуунун баарын каттоого алып жатышты. Реалдуу убакта жаңыланып турган дашборддун маалыматына ылайык, добуш берүү күнү байкоочулар 800дөн ашуун бузууну катташкан. Алардын ичинен 300 бузуу добуш берүүнүн жүрүшүндө болгон.
Ошондой эле, Kaktus.media Бишкектеги шаардык кеңешке өткөн партияларга карата аномалдык активдүүлүк байкалган 40 участканы аныктаган. Алар «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл».