Шайлоо күнү Ош жана Бишкек шаарларында 101 мыйзам бузуу катталды — «Жалпы иш» фонду

«Жалпы иш» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берди.

Фонддун байкоочулары шайлоо күнү Бишкекте 65, Ошто 36 мыйзам бузууну каттаган. Алардын ичинен:

  • Добуш берүүнүн купуялыгын бузуу — 16 участкада;
  • Добуш берилүүчү күнү үгүт жүргүзүү — 9 участкада;
  • Байкоочунун укугунун бузуу — 4 участкада;
  • Добуш сатып алуу — 7 участкада катталган.

Мындан тышкары, байкоочулар башка облустарда да мыйзам бузууларды катташты. 11-апрель күнү саат 21:00гө карата берилген маалыматтар боюнча, аймактарда мыйзам бузуулардын жалпы саны 18ди түздү.

«Клооптун» байкоочулары да добуш берүү күнүндө шайлоо участкаларында мыйзам бузуулардын баарын каттап жатышты. Реалдуу убакыт режиминде жаңыланып жаткан дашборддун маалыматы боюнча, шайлоо күнү байкоочулар 800дөн ашуун мыйзам бузууну катташты. Алардын ичинен 300ү шайлоо жүрүп жаткан кезде болгон.

Шайлоо участкаларында көбүнчө Автоматташтырылган электрондук эсептөөчү урналар (АСУ) иштен чыккан учурлар абдан көп болгон.

Дагы окуңуз: Шайлоо-2021: «Клооптун» байкоочулары участкаларда кандай мыйзам бузууларды каттап жатышат?