БШК: Форма №2 жоюлгандыктан 200 миң кыргызстандык добуш бере албайт

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев 24.kg басылмасына курган маегинде билдиргендей, №2 формасы жок кылынгандыктан, кезексиз президенттик шайлоодо 200 миң кыргызстандык добуш бере албай калат. Анын айтымында, №2 формасын жоюу кыргызстандыктарды каттоого турган жери боюнча эмес, учурда жашаган жери боюнча добуш берүү конституциялык укугунан ажыратты.

«“Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндө конституциялык мыйзамына ылайык, бул форма менен чет өлкөдө же добуш берүү күнү өлкөнүн тышында боло турган жарандар гана добуш бере алат», — деди Осмоналиев.

Осмоналиевдин айтымында, кезексиз президенттик шайлоого катыша турган шайлоочулардын саны акыркы парламенттик шайлоодо добуш бергендерден олуттуу айырмаланбайт. Октябрдагы шайлоодо акыркы тизмеге 3 миллион 523 миң 554 адам кирген. Алардын ичинен №2 формасы менен добуш берүү тууралуу 496 миң 239 адам арыз берген.

Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо 2020-жылдын 10-январында өтөт. БШКга 60тан ашуун талапкер катышуу арызын берген. Бирок алардын айрымдары шайлоо жарышынан четтетилди.

Бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө орногон саясий кризистин жыйынтыгы болуп калды.

БШК добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгын жарыялагандан кийин миңдеген адамдар борбордук аянтка агылып, Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Ошол эле түнү митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылушуу болуп, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган.

Башаламандыктар учурунда митингчилер абактагы бир катар саясатчыларды, анын ичинде экс-депутат Садыр Жапаровду бошоткон.

Андан кийин Жапаров премьер-министрлик кызматты ээлеп, андан соң коркутуп-үркүтүү жолу менен өлкө башчысын отставкага кетүүгө аргасыз кылган. Көп өтпөй президенттин милдетин аткаруу милдетин өз мойнуна алган.

Форма №2 жоюу

Садыр Жапаров 2020-жылы 11-ноябрда «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койгон.

*Мыйзамга кол коюлган учурда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын аркалап турган. 14-ноябрда ал өлкөнүн кезексиз президенттик шайлоосуна катышуу үчүн ыйгарымдарын өткөрүп берген.

Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнүн аймагында №2 формасы жокко чыгарылган. Эми №2 форманы Кыргызстандан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана колдоно алышат.

Парламенттик шайлоодо дал ушул форма №2 добуш сатып алуу аркылуу айрым участоктордо партияны колдоону күчөтүү үчүн колдонулган.

ЖМКларда шайлоо башталып аягына чыкканга чейин форма №2 аркылуу жарандардын добушу сатылып алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. Ал убакта күбөлөр жана ЖМКлар үч бийликчил партия — «Биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстандын» мүчөлөрү тарабынан болгон массалык мыйзам бузууларды каттоого алышкан.

Массалык мыйзам бузуу болуп атканын БШКнын экс-мүчөсү Атыр Абдрахматова айтып чыккан. Ал журналисттер менен Бишкектеги аномалдуу участокторду кыдырган. Мындай участоктордо форма №2 аркылуу каттоого тургузуу бул участокто катталган шайлоочулардын санынан жогору боло алган.

Форма №2 2011-жылдагы президенттик шайлоодо да киргизилген. Аны миграция жогорулап жаткан үчүн керек деп түшүндүрүшкөн.