Жумалиев цемент заводун мамлекетке өз каалоосу менен өткөрүп бергенин айтты

Парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев цемент заводун мамлекеттин эсебине өз каалоосу менен өткөрүп бергенин айтты. Бул тууралуу ал Kaktus.Mediaга курган маегинде билдирди.

Буга чейин УКМК депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн казынага 1 млрд сомдон ашуун акча төгүп бергенин кабарлаган. Коопсуздук комитети бул суммага депутатка таандык активдер менен мүлктөр киргенин белгилеген.

Бул маалымат чыккандан кийин ЖМКларда Жумалиевдин жактоочусу Майрамбек Жумабековдун билдирүүсү пайда болгон. Билдирүүдө УКМК эл өкүлүнүн заводун мыйзамсыз тартып алган ыктымалдыгы айтылат.

Буга жооп кылып Жумалиев Жумабеков мындан ары адвокаты болбой калганын айтып, юристтин завод мыйзамсыз конфискацияланды деп айткандарын төгүнгө чыгарган.

«Майрамбек Жумабековдун пикири менен макул эместигинди расмий билдирем, зоводду мамлекеттин пайдасына өз каалоом менен өткөрүп бердим», — деп айткан Жумалиев.

Мурдараак саясий ишмер жана активист Токтайым Үмөталиева фейсбук барагына депутат мамлекетке өткөрүп берди делген цемент заводунун сүрөтүн жарыялаган.

Ташкөмүрдөгү 1миллиард сомго баланып мамлекетке өткүзүлдү деген Жумвлиевдин Цемент заводунан көз ирмем. Кайсы баатыр баалады экен???.

Опубликовано Токтайым Уметалиевой Понедельник, 12 апреля 2021 г.

Депутат Жумалиевдин кармалышы

УКМКнын кызматкерлери депутат Жумалиевди 4-февраль күнү кечинде кармашкан. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Бул окуу жайы депутатка таандык.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жумалиев лицензия алуу үчүн билим берүү министрлигине «кысым көрсөткөн». Депутатты дароо Биринчи май райсотуна алып келишип, сот аны тергөө абагына эки айга камакка алууну чечкен.

УКМК маалымдагандай, мындан тышкары Жумалиев, ага байланыштуу адамдар жана чарба субъектилери «мыйзамсыз» байышкан, кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган жана ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качышкан. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутатка, анын жакындарына жана байланышы бар адамдарга тиешелүү 78 кыймылсыз мүлк объектилери жана түрдүү компаниялар аныкталганын белгилеген.

Анын ичинде «Таатан» жана «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана темир комбинаты бар.

Андыктан Жумалиев Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча «Коррупцияга» шектелүүдө.Жумалиев мамлекетке 1 млрд сом төлөп бергенден ал эч жакка кетпөө тилкаттын негизинде бошотулган.