Жумалиев казынага 1 млрд сом төктү, ал эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулушу мүмкүн

Депутат Жумалиев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн казынага 1 млрд сомдон ашуун акча төктү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети кабарлады.

Ал эми 12-апрелде УКМК «Жумалиевдин ден соолугун жана жаш курагын эске алып», Бишкектин Биринчи май райондук сотуна депутаттын баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө тилкатына өзгөртүү өтүнүчүн тапшырды.

«Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө бөгөт чарасын кабыл алуу үчүн жетиштүү далилдер алынды. Кубанычбек Жумалиев мамлекеттин пайдасына жалпы суммасы 1 млрд сомду түзгөн коммерциялык активдери менен кыймылсыз мүлктөрүн өткөрүп берди», — деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле УКМК коомчулукта резонанс жараткан бир катар кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатканын эске салды. Тергөө жогорку кызмат адамдары тарабынан ири, өзгөчө оор коррупциялык кылмыштар жасалып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги менен негизделген.

2021-жылы мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызмат коррупция иштерин иликтөөнүн натыйжасында 4 млрд сомго жакын каражат чогултканын билдирген.

Ал билдирүүсүндө Ташиев «бир киши 1 млрд сом төлөгөнүн» айтып, кийинчерээк бул тууралуу расмий айтып берүүнү убада кылган. Ташиев чогулган акчалар мамлекеттин казынасына которулуп жатканын да кошумчалаган.

Депутат Жумалиевдин кармалышы

УКМКнын кызматкерлери депутат Жумалиевди 4-февраль күнү кечинде кармашкан. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Бул окуу жайы депутатка таандык.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жумалиев лицензия алуу үчүн билим берүү министрлигине «кысым көрсөткөн». Депутатты дароо Биринчи май райсотуна алып келишип, сот аны тергөө абагына эки айга камакка алууну чечкен.

УКМК маалымдагандай, мындан тышкары Жумалиев, ага байланыштуу адамдар жана чарба субъектилери «мыйзамсыз» байышкан, кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган жана ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качышкан.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутатка, анын жакындарына жана байланышы бар адамдарга тиешелүү 78 кыймылсыз мүлк объектилери жана түрдүү компаниялар аныкталганын белгилеген.

Анын ичинде «Таатан» жана «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана темир комбинаты бар.

Андыктан Жумалиев Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча «Коррупцияга» шектелүүдө.

29-мартта УКМКдан «Клооптун» журналистине депутат УКМКнын тергөө абагында экенин кабарлашкан, бул билдирүүсү менен мекеме Жумалиев «Бикард» клиникасында деген маалыматты төгүндөгөн. «Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев “Бикард” клиникасында жатып чыккандан кийин УКМКнын тергөө изоляторуна кайтарылды», — деп билдиришкен ведомстводон.

Атайын кызматтагылар такталбаган маалымат таратуу «адамдарды дезинформация кылып, адаштырып коёт» деп кошумчалашкан.